Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн жанында жайгашкан эң эле чаржайыт эмгек биржасы бир нече кварталды камтыйт. Бул жакка адамдар күн сайын киреше табуу максатында келишет. «Клооптун» кабарчысы Регина Им адамдар биржанын жардамы аркылуу эмнелер менен алектенишээрин билип келди.

Кырызстанда жумуш орундарынын жетишсиздиги — жаңы эле пайда болгон көрүнүш эмес. 2017-жылы өлкөдө жумушсуздардын саны 180 миңден ашкан.

Туруктуу жумуш табуудан үмүтүн үзгөндөр бейрасмий эмгек биржаларынан акча табууну көздөшөт — бул жумушсуз адамдар убактылуу иш берүү сунуштарын күткөн жай. Бишкекте мындай түйүндөрдөн үчөө бар: «Дордой» базарынын жанында, Ош базарында жана Лев Толстой көчөсүндө.

Лев Толстой көчөсүндөгү эмгек биржасы эки чакырымга созулат — Панфилов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин. Бул жакка күнүгө канча адам келээрин эсептеп чыгуу мүмкүн эмес — аялдар менен эркектер кичинекей топтор менен бороон чапкынга жана суук аба ырайына карабастан жумуш күтүп турушат.

Улам-улам биздин машина кезектеги адамдардын тобуна жакындаган сайын жумушсуздар айланчыктап, бири-биринен озунуп суроо салышат: «Жумушпу? Жумушпу?» Алардын көздөрүндө үмүт да, бүлүнгөн ишенимсиздик да бар.

Алар биз журналист экенибизди билип калып, жүздөрүн жашырып, тапырап чуркап кетишти — бул жерде жумуш издегендердин дээрлик бардыгы «жумушсуз» деген макамдан уялышат. Көпчүлүгү микрофон менен камералардын артында кыйынчылыктарга арызданышат, бирок алар жөнүндө камерага айтып берүүнү суранганда «Анда эмне өзгөрөт? Баары бир эч ким жумуш бербейт» деп колдору менен жаңсап коюшат.

Бирок ошентсе да айрымдары кантип акча табышаарын жана биржада кандай кыйынчылыктарга туш болушаары жөнүндө айтып беришти. Бул алардын окуялары.

«Үй-бүлөмө бул жерге келип жатканымды айтпайм»

Шакирдин 49 жашта, бул жерде үч жылга жакын убакыттан бери иштеп келет. Анын айтымында, ага туруктуу жумушту өзүнүн электрик адистиги да камсыздай албайт.

«Албетте, жумуш издеп атам. Документтерди берип, көрсөтүп атам, карап көрүшүп,  "Эртең, бүрсүгүнү кел" дешет. Ошондуктан бул жакка келүүгө туура келип атат. Мамлекеттик жумушка албай жатышат. Досторун жана бир туугандарын алышат», — деп айтып берди ал.

Шакирдиндин үй-бүлөсүндө жубайы жана беш баласы бар. Анын айтымында, үй-бүлөсү ал кантип акча таап жүргөнүн билбейт.

«Үйдөгүлөргө кайда кетип жатканымды айтпайм. "Кайсы жумушка?" деп сурашат, ал эми кайсы жумуш экенин өзүм да билбейм. Аларга кантип айтам? Эмне деп айтам? Акча табыш керек да. Андан башка аргам деле жок», — деп бөлүштү ал.

Биржадагы жумуш туруктуу эмес. Кардарлар кандай жумуш сунушташаарын же алар келип же келбей калаарын эч ким билбейт. Шакирдин да биржанын жардамы менен канча акча таап жатканын эсептеп бере алган жок. Ал эң ири сунушту гана эстей алды — банандар жүктөлгөн оор жүк унаасын түшүрүү үчүн 600 сом алган.

«Аптасына канча чыгып жатканын эсептөө мүмкүн эмес. Мына, мен беш күндөн бери келип, жол кире коротуп, жөн эле келип кетип атам. Үйдө балдар "Ата сиз кайда жүрдүңүз?" деп сурашат "А мен үндөбөйм"», — дейт Шакирдин.

«Майыпсыңбы же майып эсессиңби, иштей алсаң, кеттик»

«Бул жерде ар кандай жумуш болот. Мисалы, жүктү жылдыруу. Талап кылынса жүктү кабатка көтөрүп чыгуу, ар бир кабатка 8-10 сомдон алабыз — сүйлөшкөнүңө жараша болот. Мисалы, эгерде шпаклевка салынган мүшөктү 3-кабатка көтөрүп чыксак, бир мүшөгүнө 25-30 сомдон алабыз», — дейт 40 жаштагы Насир.

Анын айтымында, жылуу сезондо биржа аркылуу айына 15 миңден 25 миң сомго чейин табууга болот, ал эми кышкысын киреше беш миң сомго чейин түшүп кетет. Насир башка жумушсуздар сыяктуу эле туруктуу иш табууга аракет кылган, бирок ага майыптыгынан улам баш тартып коюшкан.

Кардарлар дагы анын майыптыгына көңүл бурушат, бирок бул жерде ал жумушсуз калбайт.

«Менин оң колумдун манжасы жок. Кардарлар келип, майыптыгымды көрүп калышып, баш тартышкан күндөрү да болуп турат. Алышпай "Сен майып турбайсыңбы, сен бул нерсени жасай албайсың" деп кетип калышат. Ал эми айрымдары майыпсыңбы же майып эсессиңби, иштей алсаң, кеттик дешет», — деди Насир.

Ал биржадагы жайды «кеңсе» деп айтат. Бирок бул жерже жумуш эч кандай шартталган эмес — кезектер жок, кызматкерлердин «жеке түйүндөрү» да жок, белгилүү бир тарифтер да жок деп кошумчалады.

«Бул жерде атаандаштык деген түшүнүк жок. Ким кандай жумуш тапса — ошол кете берет. Кимдир бирөөнүн өз тарифи бар: мисалы, 15 мүнөттүк тез жумуш үчүн — 300 сом. Дагы кимдир бирөөсү бир күндө 500 сом алат», — деп түшүндүрдү Насир.

Биржадагы каржы адиси

Манас 27 жашта. Ал көптөн бери Орусия же Түркияга иштегени кетүүнү пландап жүрөт. Бирок азырынча аны мекенинде окуусу кармап турат. Манас — 6-курстун студенти, биржада ал 1-курстан бери жүрөт.

«Окуумдун контрагы 26 миң сом, ага кошумча ар бир сессияда мугалимдерге болжолдуу беш миң сомдон кетип турат. Жалпысынан жылына окуум үчүн 36-40 миң кетет. Кышкысын кыйналбастан контрактты жайкысын төлөп турууга аракет кылам», — деп айтып берди ал.

Манас каржы адистиги багыты боюнча окуйт. Үч жыл мурда ал адистиги боюнча иштеп көргөн — жарым жыл банкта тажрыйба топтоп, бирок аягында банк кызматкери болуп кетүүгө мүмкүн болбой калган.

«Албай коюшту. Мүмкүнчүлүк жок, орун жок. Ал жакта жылдап тажрыйба топтоп жүргөндөр бар. А мен антип жүрө албайм», — дейт ал.

Манас алты жылдан бери биржада иштөө кыйла оорлошуп калганын байкаган.

«Үч жыл мурда жакшыраак болчу. Ал эми учурда бардык курулуш токтотулуп атат — элдин ошол кездегидей акчасы көп эмес. Кардарлар аз. Жумуш бирөө эле, ал эми ага 15 адам [талапкер]. Дагы бирөөсү аны 5 сомго жасап берүүнү сунуштаса, башкасы — 4,5 сомго деп сунуштайт. Ошентип тариф төмөндөп кетүүдө», — дейт Манас.

Ал биржадагы жумушту кандайдыр бир жол менен жөнгө салуу керек деп эсептейт.

«Көптөгөн адамдар бул жерге келүүдөн коркушат, анткени бул жерде ар кандай адамдар бар. Уурулар да бар — мындай учурлар көп болгон. Аракечтер бар. Адамдарга үйлөрүнө аракечти жалдап баруу жагымсыз. Адамдарды бир администратор тейлеп, ким ичет, ким ичпейт, ким кандай жумуш жасай алат экенин карап туруусу керек», — деп эсептейт Манас.

«Жаңы паспорт жасатам да Орусияга кетем»

Бизге 51 жаштагы Нурланбек өзү келип, бийлик жумуш орундарын түзө баштайт деген үмүттө өз каалоосу менен интервью берди.

Бул жерде, Ош базарда, [айлампа жолдо] канча адам турат. Бул жерде канча аял, канча эркек турат. Демек, алардын бирөөсүнүн да жумушу жок. […] Сапар Исаков бул нерсенин үстүндө иштемиш болууда. Жаңылыктардан заводдор ачыла турганын уктум. Эгерде ошондой болсо, көпчүлүктүн жумушу пайда болмок», — деп эсептейт ал.

Нурланбек эки жылдан бери биржада киреше таап келет. Туруктуу жумуш табууга аракет кылганын, бирок андан кийин туруктуу эмгек туруктуу кирешеге кепилдик бербесин түшүнгөнүн айтат.

«Курулуштарга барып жумуш сураштыргам. Орун жок, таппайсың. Ал жерлерде иштегендер да эки-үч айдан бери маяналарын күтүп жатышкан болуп чыгат. Жалаң эле арыздангандар», — дейт ал.

Нурланбек негизинен курулуштарда иштейт: чатыр жабат, кыш коёт, фундамент куят. Кыш тизүүнүн бир даанасы үчүн беш-алты сом, ал эми чатырдыкы — чарчы метрине 350-400 сомду түзөт.

Анын айтымында, мындай иштерге кардарлар орто жана улуу жаштагы адамдарды жакшы жалдашат, анткени тажрыйба менен иш билгилерине үмүттөнүшөт. Ал эми жүктөр менен байланыштуу жумуштарга жаш балдарды чакырышат. Аялдарды көбүнесе тазалоо иштерине жалдап кетишет.

«Жеке кардарлар бизге жакшы мамиле кылышат. Тамак-аш бербей ачка калтырышкандары да бар. Албетте, бардыгы эле окшош эмес. Жан дилиң менен иштесең, кардарлар ыраазычылыгын айтышат. Биз да аларга ыракматыбызды айтабыз. Жакшы адамдар көп», — деп айтып берди Нурланбек.

Бирок буга карабастан ал Орусияга кайтып барууну көздөп жатат. Ал жакта Нурланбек сантехниктин жардамчысы болуп иштеп, жакшы киреше таап жүргөнүн айтат. Бирок ал үчүн Нурланбек жаңы паспорт алышы керек.


Кыргызстанда жумушсуздуктун расмий деңгээли (7,2%) — бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң бийик көрсөткүч. Тажикстанда ал 2017-жылы 2,3%, Казакстанда — 4,9%, Өзбекстанда — 5,8 пайызды түзгөн. Түркмөнстан боюнча расмий маалыматтар жок.


Мамлекеттин жардамы

Эмгек министрлигине 2017-жылы 60 миңдей жумушсуз кайрылганын жумуштуулукка көмөк көрсөтүү башкармалыгынын начальниги Ибрагим Акимбеков айтты.

«Кайрылгандардын арасынан биз 43 миңге жакын адамы жумушка орноштурдук. […] Вакансиялар ар кандай: негизинен өндүрүш, айыл чарба, кайра өндүрүү жана курулуш тармактары. Кызмат көрсөтүү тармагында жумуш орундары көп», — деди ал.

Анын айтымында, министрлик тарабынан сунушталган вакансиялардын жети миңге жакыны «маянанын аздыгынан, эмгек шарттары дал келбегинен жана башка себептерден улам» ээленбеген бойдон кала берет.

Акимбеков жумушсуз калган кыргызстандык ошол эле күнү жумуштуулукка көмөк көрсөтүү кызматына кайрылышы керек экенин айтты. Ал жакта ага кеңеш берилип, 10 күндүн ичинде жумушка чакыруу сунушун ала алат.

«Эгерде ага туура келбесе, биз ал расмий түрдө жумушсуз калгандыгы туурасында макам жана аныктама беребиз. Биздин аныктаманын негизинде ал аны жумуштан кыскартып салышкан уюмга кайрылат [...] жана үч айдын орто айлыгын алышы керек», — деп түшүндүрдү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү.

Үч айдан кийин жумуштуулукка көмөк көрсөтүү кызматы жумушсуз адамга квалификациясын жогорулатууну же профессионалдык окуудан өтүүнү сунуштай алат. Эгерде ал баш тартса, мамлекет ага жумушсуздук боюнча 250 сом жөлөкпүл төлөй баштайт.

«Биз өкмөткө жөлөкпүлдун өлчөмүн бир аз көбөйтүү боюнча токтомдун долбоорун киргизебиз», — деди Акимбаев.