Өзбек коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси. Сүрөт: «Спутник»

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятовду 31-январда иштен алды. Ташкент тараткан расмий маалыматка ылайык, ал Мирзиёевге мамлекеттик кеңешчи болуп дайындалганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын 23 жылдан бери жетектеп келген Рустам Иноятовдун иштен алынганы 31-январда маалым болду. Өзбек президентинин сайтында жарыяланган билдирүүдө Иноятов мамлекет башчыга саясий-укуктук маселелер боюнча кеңешчи болуп бекитилгенине байланыштуу ээлеген кызматынан алынганы айтылат.

Ал эми атайын кызматтын башына өлкөнүн баш прокурору Ихтиёр Абдуллаев дайындалды.

73 жаштагы генерал-полковник Рустам Иноятов 2016-жылдын сентябрында президент Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин жогорку бийлик ордун сактап калган саналуу адамдардын бири эле. Ал коомчулукка көп көрүнбөгөнү менен өзбек бийлигиндеги эң таасирдүү адам деп саналган. Өзбекстандык журналист Алишер Сиддик Иноятов эбегейсиз бийликке ээ болуп келгенин баса белгилейт.

«Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятовдун кызматтан кетиши мурдагы президент Каримов көз жумгандан кийинки эң чоң жаңылыктардын бири болду десем адашпайм. Анткени Иноятов көп жылдардан бери республикадагы экинчи таасирдүү адам болуп келген. Ал бизнес тармагын, бийликтин дээрлик бардык бутактарын, сот системасын, аткаруу бийлигин өзү көзөмөлдөп турган. Эксперттер белгилегендей, анын «агенттери» бийликтин бардык бутагына киргизилген» — деген Алишер Сиддик Иноятов көп жылдардан бери кант диабети менен жабыркап жүргөнүн да кошумчалады.

Ташкенттеги кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу 31-январда өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн Улуттук коопсуздук кызматынын жана Башкы прокуратуранын биргелешкен жыйынында расмий айтылган. Анда мамлекет башчы коопсуздук кызматынын айрым бөлүмдөрүн жана аймактык башкармалыктарынын ишин сынга алган. Президент мекемелер ортосунда кызматташуу солгун экенин, ыкчам тергөө иштерин жүргүзүүдө алешемдиктер кетип жатканын белгилеген.

Журналист Алишер Сиддик саясий салмагы күчтүү Иноятовдун кызматтан кетиши президентке бийликти толук өз көзөмөлүнө алууга мүмкүнчүлүк берди деген пикирде:

«Бийликке толук көзөмөл орноткон соң Мирзиёев кандай болуп өзгөрүшү мүмкүн? Ал диктаторго айланабы же башка багытты карманабы? Бул суроолор ачык бойдон калат жана аны убакыт көрсөтөт. Кандай болгон күндө дагы президент Улуттук коопсуздук кызматын реформалагысы келет жана аны парламенттин көзөмөлүндө болушун каалайт».

Коопсуздук кызматынын башына келген Ихтиёр Абдуллаев буга чейин өлкөнүн баш прокурору болгон. Айтылган маалыматтарга ылайык, 1966-жылы туулган Абдуллаев 2001-жылга чейин сот системасында иштеп, андан кийин президенттин администрациясында ар кандай кызматтарды ээлеген. 2009-2015-жылдары кадрдык маселелер боюнча президенттин кеңешчиси болгон. Ал эми 2015-жылы баш прокурорлукка дайындалган.

Коопсуздук кызматынын жаңы жетекчиси Ихтиер Абдуллаев.

Былтыр декабрда Мирзиёевдин каарына Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери да калышкан. Президент аларга "карапайым элдин укуктарын такай бузуп жатасыңар" деп ачууланган. Ошондой эле бул мекемелерди реформалоо зарылдыгын, өкмөттүн аракеттери демократиялык принциптерге негизделиши керектигин билдирген.

Өзбекстан менен Батыш мамлекеттеринин, атургай коңшуларынын ортосундагы мамиле мурдагы президент Каримовдун учурунда начарлап кеткен. Эл аралык уюмдар ал режимди өлкөдө адам укуктарынын одоно бузулушу үчүн айыптап келген.

Мирзиёев бийликке келген бир жыл ичинде саясий куугунтукка кабылып, камакка алынган бир нече коомдук ишмерлер, журналисттер жана саясатчылар эркиндикке чыгарылды.