Билим берүү министрлиги милиондогон сом каражат жумшалган китептердин мазмунун текшерип турган эмес

Бишкектин №67 мектебиндеги сабак учурундагы окуучуларынын биринин мектеп партасы. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү.

Билим берүү министрлиги жыл сайын мектеп китептери менен окуу куралдарын басып чыгарууга ондогон миллион сом жумшайт. Бирок «Клооп» аныктап чыккандай, мекеме 2017-жылга чейин китептердин мазмунун текшерген эмес. Кырдаал кайра басып чыгарууга туура келген эки чуудан кийин өзгөрдү.

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги 2016-жылы бир миллиондон ашуун китеп басып чыгарууга 64,5 млн сом короткон. Мектеп куралдарына канча жумшалганы белгисиз. Бирок 2017-жылдын декабрына чейин министрлик Кыргызстанда өздөрү чыгарган китептердин мазмунун текшерген эмес.

Китеп чыгаруу боюнча сектордун башчысынын орун басары Чынара Курбанова бул нерсени кызматкерлердин жоктугунан улам мекеме ар бир китептин же окуу куралынын мазмунун текшергенге «жетишпей» жатканы менен түшүндүрдү — бөлүмдө болгону өзүн кошуп, эки гана адам иштейт.

Курбанованын айтымында, мекеме болгону китептердин техникалык параметрлерин гана текшерген. Мисалы, абзацтагы кемтиктерди сактоону же шрифтердин өлчөмүн, ал эми мазмуну боюнча маселеде авторлорго, китепти түзүүчүлөргө таянган.

Бишкектин борборунда жайгашкан жер алдындагы өтмөктө китептер саткан аял. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү.

«Бизге китепче алып келишти, биз текшердик: мына ушундай болушу керек ал. Кудай шүгүр, ал жакта техникалык параметрлер кармалыптыр. [...] Менин авторлорго ишинимим бар. Эгерде авторлор өз чыгармаларына кол коюшса, анда албетте, алар бул материал үчүн жооп беришет», — дейт ал.

Кырдаал 2017-жылы министрлик техникалык комиссияны техникалык-эксперттик кылып, мамлекетттик тил бөлүмү менен Кыргыз улуттук илимдер академиясынан кошумча эки кызматкерди бекитип бергенден кийин өзгөргөн. Эми алар китептердин жана окуу куралдарынын мазмундары менен сапатына жооп беришет.

Бул кайра басып чыгарууга туура келип калган эки окуу куралындагы каталардын айынан жаралган чуудан кийин болду.

№1 жагдай. Физика боюнча окуу куралындагы формуладагы каталар

Талаштардын бирин физика боюнча «Мектеп физикасы боюнча класстан тышкаркы иштер» окуу куралы жараткан. Ал 2016-жылы 2500 нускада чыккан.

Физика боюнча басып чыгарылган окуу куралдарында формулаларда каталар табылып, иллюстрациялары жок болуп чыккан. Буга карабастан Билим берүү министрлиги китепти басып чыгарып, аткарылган иш үчүн 92,5 миң сом төлөп берген.

Иллюстрациясы жок басып чыгырылган физика боюнча «Мектеп физикасы боюнча класстан тышкаркы иштер» (Оңдо) окуу куралы. Солдо окуу куралы негизи кандай болушу керектиги көрсөтүлгөн. Сүрөт: Александра Ли/Kloop.kg.

Көйгөй бир айдан кийин ачыкка чыккан — анда авторлордун биринин кызы китептин биротоло бүткөн вариантын алып, Билим берүү министрлигине арызданган — ал басып чыгарылган окуу куралын «макулатура» деп атаган.

«Бул жерде эксперимент жөнүндө айтып бере тургудай бир дагы сүрөт жок [...] ал жерде "баланча сүрөттү карагыла" деп жазылган, ал эми сүрөттүн өзү жок», — деди «Клоопко» атасы кайтыш болгондон кийин окуу куралына укук алган Нургүл Койчуманова.

Анын айтымында, басып чыгарууда каталар бир гана иллюстрацияларда эмес, ошондой эле физикалык формулалар менен кемтиктер сакталбаганында болгон. «Ал жерде жада калса формулалар латын тамгалары менен эмес, кириллица менен жазылган — физик тургай, гуманитарий да түшүнбөйт», — деди ал.

Окуу куралынын калган авторлору ага толугу менен кошулушат — алар «Клооптун» кабарчысына Койчуманованын дооматтарын колдой турушканын тастыктап беришти.

Бул окуу куралын басып чыгарган «Эдем принт» басмаканасынын директору Олеся Аппазова каталар алардын басылма үчүн жооптуу болгон мурдагы кызматкеринин айынан болгонун «Клоопко» айтты.

«Мамлекеттик стандартка (МАМСТ) ылайык, бизден басылмага кайсы бир өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынган жана биз аны кайрадан кат түрүндө авторлор менен макулдашышыбыз керек болчу. Алар (авторлор) чынында абдан көп эле, анан [биздин кызматкерлер] өздөрүн кыйнабай эле коёлу десе керек», — дейт ал.

Аппазованын айтымында, бул жагдайда китептерди макулдашууга «бир аз жоопкерчиликсиз» мамиле кылышкан авторлордун өздөрүндө да күнөө бар.

«Мындай жумуш өткөрүлгөн, негизинен, алар буга өздөрүнүн эмгегин кетиришкен жана мунун бардагына мындай сапатсыз кароо — алардын туура эмес кылганы», — деп эсептейт ал.

Мындан тышкары, Аппазова Билим берүү министрлигинин комиссиясы эки жолу окуу куралдарынын макеттерин текшерип, ага бир айдай убакыт кетиргенин айтты.

«Техникалык комиссиянын мүчөлөру бизге эки жолу макеттерге кол коюп,  эч кимиси "Эмнеси туура эмес" деген суроо салышкан жок [...] Бул жумушка кол беришкени аз келгенсип, анын бүттүгүн да кабыл алышкан», — дейт Аппазова.

Бишкектин №67 мектебинин окуучулары сабакта. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү.

Билим берүү министрлигинин өкүлү Чынара Курбанова окуу куралын кабыл алганын жана таптакыр сүрөттөрү бар макеттерди көрбөгүн айтты. Анын айтымында, сүрөттөрү бар болушу керек экенин билгенде, иллюстрациясы жок басып чыгарууга жол бермек эмес.

«Биз өткөрүлүп берилген сүрөттөрү жок, жалыңач кол жазманы көргөнбүз. Министрлик — бул жөн гана ортомчу, ал төлөп гана берет», — деп ишендирди ал.

Өз кезегинде окуу куралынын авторунун кызы сүрөттөрү бар макеттин көчүрмөсүн Курбановадан алганын айтууда.

№2 жагдай. Жүздөгөн грамматикалык каталар

Кайра басып чыгарууга туура келип калган экинчи китеп — физика боюнча «Физика боюнча маалымдама» кошумча окуу куралы. Аны 700 нускада «Полиграфбумресурсы» басмаканасы басып чыгарган.

Бул окуу куралы грамматикалык каталар менен басып чыгарылган — ар бетте бери эле дегенде төрттөн ката бар, ал эми окуу куралынын өзү 159 беттен турат.

Каталары белгиленген Физика боюнча «Физика боюнча маалымдама» окуу куралы. Сүрөт: Александра Ли/Kloop.kg.

«Полиграфбумресурсунын» директорунун орун басары Барчынай Көчкөнбаева «Клооптун» кабарчыларына анын компаниясы каталар үчүн жооптуу эмес экенин айтты. Анын пикиринде, ага басмакана тарабынан жалданып алынган басма менен китептин авторлору өздөрү күнөөлүү.

«Басма боюнча иштеп бүтүрүүнү башка адамдар аткарышкан. Биз алар менен келишим түзгөнбүз, алар бул үчүн акы алышкан жана албетте жоопкерчилик аларда», — дейт ал.

Китептин өзүндө окуу куралын басып чыгарууда басмакана «Китеп компани» басылмасы менен кызматташкан. Муну Көчкөнбаев өзү да тастыктоодо. Бирок басмаканын кызматкери Кылыч Коёналиев «Клоопко» алар китеп үчүн болгону мукабасын гана жасап беришкенин айтты.

Китепте көрсөтүлгөн маалыматка караганда, окуу куралында каталар бар же жогун Ф.Абдалова текшерген. Көчкөнбаеванын айтымында, бул «бир эле жолу» жалданууга алынган штаттан тышкаркы корректор. Басмаканын директорунун орун басары Абдалованын байланыштарын берүүдөн баш тартты.

Бишкектин №4 мектебинин китепканасындагы китептер. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү.

Көчкөнбаева окуу куралдырынын авторлору алдын ала вариантты текшеришпей, аны каталар менен жактырышкан деп айтты.

«Авторлор текшерип, талаптагыдай окуп чыгып, ошондон кийин гана алар жыйынтыктарына ынанышкандан соң кол коюп, басып чыгарууга макулдук берүүлөрү керек эле. [...] Ошондон кийин гана биз алардын кол белгилерин алган соң басып чыгарууга коё бергенбиз», — дейт ал.

Жалпысынан китептин төрт автору бар, китептин биротоло бүткөрүлгөн версиясына алардын бирөөсү эле кол койгон — ал Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Бүбүсара Мурзаибраимова. Ал окуу куралы анча-мынча эле каталар менен чыккан деп эсептейт.

«Китепте физикалык каталар болгон эмес. Ал жакта майда каталар болгон, бирок алар арзыбаган каталар. Окуу куралын колдонсо болот, анын эч жаманы жок. Бул деген негизги эмес, болгону кошумча окуу куралы да», — деп эсептейт ал.

Бул окуу куралына ээлик кылуу укугун алган Нургүл Койчуманова Мурзаибраимова менен макул эмес. Анын пикиринде, китепте көптөгөн грамматикалык жана техникалык каталар бар.

«Ал жакта эң жөнөкөй ташымалдоо эрежеси да туура эмес — бул одоно грамматикалык ката», — дейт ал.

«Клооптун» журналисттери Билим берүү министрлигинин кызматкерлери менен сүйлөшө башташкандан кийин мекеме басмаканын өкүлдөрү жана авторлор менен жолугушкан — бул жолугушууда алар басмаканалар китептерди өз эсептери менен кайра басып чыгаруулары керек экенин чечишкен.

«Эдем принт» басмаканасы авторлорго макулдашууга берген окуу куралынын оңдолгон каталары менен сүрөттөрү бар жаңы вариантын даярдап койду. Койчуманованын айтымында,  окуу куралында кайрадан каталар көп болгон жана ал басмаканага өзү тарбынан оңдолгон вариантын өткөрүп берген. Ал эми «Полиграфбумресурсы» басмаканасы азырынча китептин жаңы вариантын даярдай элек.