Исаков «криптовалютаны мамлекеттик сатып алууга киргизүү» идеясы жөнүндө билдирди

Премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Окмөттүн басма сөз кызматы

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков криптовалюталарды киргизүү мамлекеттик сатып алууларда коррупциянын деңгэээлин азайтат деп билдирди.

Исаков Алматыдагы «Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип» конференциясында билдиргендей, Кыргызстандын бийлиги мамлекеттик сатып алуу тутумуна криптовалюталарды киргизүүнү караштырып жатат.

«Учурда бардыгы криптовалюталар жөнүндө кеп кылып атышат. Биз кесиптештер менен криптовалютаны мамлекеттик сатып алуулар тутумуна киргизүү маселесин талкуулап жатабыз. Бул коррупциянын деңгээлин азайтууга жардам берет, ошол эле кезде биз чоң тобокелчиликти тартпайбыз», — деди ал.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Исаковдун билдирүүсүнө жооп берип, криптовалюталарга пессимисттик көз менен карай турганын айтты. «Бул криптовалюталар сакталып же сактабай калышын эч ким билбейт», — деди ал.

Кыргызстандын каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментиндегилер өкмөт чынында эле мамлекеттик сатып алууларга криптовалюталарды киргизүүнү карап жатканын «Клооптун» кабарчысына айтышты.

Алдыңкы адис Улан Озумбеков мамлекеттик сатып алууларды криптовалютаны колдонуу мониторингди жана келишимдердин аткарылышын жакшыртат деди.

«Биз бул вариантты карап жатабыз. Башкысы, биз бул маселеге дыкатыраак кадам кылышыбыз керек. Мен биз криптовалюталарды киргизүүнү өкмөт башчы Алматыдан келгенден кийин талкуулайбыз деп ойлойм», — деди адис.

Исаковдун билдирүүсү 2014-жылы өлкөдө криптовалютаны колдонууну колдобосун маалымдаган Кыргызстандын улуттук банкынын позициясына каршы келет. Өлкөнүн башкы банкы кыргызстандыктарга криптовалюталар менен байланыштуу ар кандай операцияларга катышпоону сунуштаган.