Кадамжайда алтын кенин казууга каршы митинг болду

Баткендеги Кадамжай районунунун жашоочулары Шамбесай алтын кени боюнча митингге чыгышты. Район акими Жаныбек Исаков митинг болбогонун — жөн гана айыл тургундары компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнүн билдирди.

Кадамжайдын Майдан айылынын жашоочулары 2-февралда алтын кенин казууга каршы митингге чыгышты деп жазган «Азаттык» радиосу.

Маалыматка ылайык, плакаттар менен чыккан миңге жакын адам алтын кенин жабууну талап калышкан. Алардын ою боюнча, алтынды казуу иштерин жүргүзүү менен экологияга жана ден соолукка зыян келтирилет.

Район акими Жаныбек Исаков «Клоопко» маалымдагандай, 2-январда митинг эмес, жергиликтүү тургундар менен австралиялык Z-Explorer компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон.

«Компаниянын өкүлдөрү казуу иштерине колдонулуучу жаңы технологияны элге презентация кылууну каалашкан. Бирок, эл плакаттар менен келип алышып, баары митинг болду деп ойлоп жатышат», — деди Исаков.

Анын айтымында, тургундар 2012-жылдан бери казуу иштерине каршы чыгып келишүүдө.

«Жашоочулар компания өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин Адахан Мадумаров келип, сүйлөй баштаганда биз чыгып кеткенбиз», —деди аким.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Клоопко» абал тынч жана толук көзөмөлдө экенин кабарлады.

Шамбесай кениндеги алтындын запасы 8 тоннага жакын деп болжолдонуп келет. Кенди иликтөө иштери 2007-жылы башталып, казуу иштерине уруксат лицензиясы 2012-жылы берилген. Ушул күнгө чейин лицензиянын ээлери бир канча ирет алмашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: