Жумакадыровдун өлүмү боюнча айыпталган КамАЗдын айдоочусу 10 жылга кесилди

Сүрөт: Акипресс

Сот вице-премьер-министр Темир Жумкадыров жана анын эки жардамчысынын өлүмү боюнча кылмыш ишине айыпталган оор жүк КамАЗдын айдоочусу Афтандил Таалайбек уулун 10 жылга жатак абагына кести.

Чүй облусунун Москва райондук соту Таалайбек уулуна 2-февралда өкүм чыгарды — оор жүк унаасынын айдоочусун Жумакадыровдун өлүмү боюнча күнөөлүү деп табышып, 10 жылга жатак абагына кесишти.

Тергөөнүн версиясы боюнча, анын оор жүк унаасы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун автомашинасы менен сүзүшүп, натыйжада бул аткаминердин жана эки адамдын өлүмүнө алып келген.

Сот отуруму учурунда айдоочу күнөөнү мойнуна алып, каза тапкандардын үй-бүлөөсүнүн алдында кечирим сураган — бул жеңилдетүүчү жагдай катары эсептелип калган, бирок прокуратура Таалайбек уулун 11 жылга кесүүнү талап кылган.

«Ошол таңда байкем экөөбүз Бишкекке келе жатканбыз. Жолдо мен "Жигулини" ашып өтөйүн дегем, жолдун каршылаш тилкесине чыгып, алыстан жолтандабасты көрүп калдым. Ага фаралар менен белги берип жатттым, бирок кеч болуп калган эле. Жолдун чекесине чыксам, жолтандабас дагы мен КамАЗ менен бурулган жакка чыга калды. Натыйжада сүзүштүк», — деп айтып берген айдоочу 25-январда.

Эркиндигинен ажыратуудан тышкары, айдочуга үч жыл аралыганда транспорт каражаттарын башкарууга тыюу салышып, талкаланган автомобиль үчүн 2,1 млн сом өлчөмүндө штраф төлөп берүүгө милдеттендиришти.

Жумакадыров жана анын айдоочусу менен жардамчысы 2017-жылдын 7-октябрында Бишкек — Кара-Балта жолунда каза болушкан. Жумакадыровдун машинасы, күбөлөрдүн айтымында, жолдун каршылаш тилкесине чыга калган КамАЗ менен сүзүшкөн.

Шайлоо өнөктүгүнө чейин Жумакадыров жол кырсыктарынын саны өсүп кеткендиги үчүн жол коопсуздугуна жооптуу болгон.

Учурда өкмөт жол кыймылынын эреже бузууларын каттаган байкоо камераларын орнотууну шарттаган «Акылдуу шаар» долбоорун киргизип жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: