Жээнбеков «24.kg» басылмасына каршы арызынан баш тартты

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «24.kg» басылмасынан 5 млн сом өлчөмүндө кун төлөтүп алуу боюнча арызынан баш тартты. Бирок президент ушул эле иш боюнча мурдагы депутат Кабай Карабековдон 5 млн сом төлөтүп алуу боюнча арызын чакыртып алган жок.

«24.kg» басылмасы 5-февралда Жээнбеков өзүнүн басылмага карата арызынан баш тартканы боюнча билдирди.

Президент Бишкектин Свердлов райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө моралдык зыян үчүн редакциядан 5 млн сом төлөтүп алуудан баш тартуу боюнча арызы менен кайрылган.

Бирок иштин дагы бир фигуранты — мурдагы депутат Кабай Карабеков «Кактус» басылмасынын журналисттерине курган маегинде билдиргендей, ага карата сот аткаруучулук уланууда.

Анын айтымында, 16-январда сот аткаруучу ага президентке беш млн сом төлөп берүү боюнча жазма экертме берген. Карабеков райондук сотко президентке кун төлөп берүү үчүн мөөнөтүн жылдырып берүүнү суранганын айтты.

Материал жарык көрөөр алдында президенттин басма сөз кызматы комментарийлерге жеткиликсиз болду.

Буга чейин «24.kgнин» редакциясы 23-январда төгүндөө жарыялап, Жээнбековдон кечирим сураган. Журналисттер сайтта жарыяланган маалыматтар чындыкка коошпойт, ал президенттин ишкердик беделин, ар-намысын, кадыр-баркына шек келтирген деп таанышкан.

Жээнбековдун Карабеков менен «24.kgге» каршы арызы

Жээнбеков басылма менен мурдагы депутат Карабековго каршы арзыды 2017-жылдын 21-сентябрында президенттикке талапкер катары чыгып жаткан кезинде берген.

Материалда Карабеков «...Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары менен болгон ыктымал тыгыз байланышы, анын ичинде Орусияда террористтик уюм деп таанылган Арабиянын "Социалдык реформалардын коомчулугу"» жөнүндө жазган.

Саясатчы Карабековдун «...Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары менен болгон ыктымал тыгыз байланышы» жөнүндө сөздөрүн чындыкка коошпогон, ар-намыс менен кадыр-баркка жана ишкердик беделге шек келтирген деп таанууну талап кылган.

Жээнбеков ар бир жоопкерден моралдык зыян үчүн 5 млн сомдон кун төлөп берүүнү талап кылган. Ал учурда саясатчынын шайлоо алдындагы штабын жетектеп турган Фарид Ниязов доо арыздардын өлчөмүн «жогорулатылган эмес» деп атаган.

2017-жылдын 5-октябрында Свердлов райондук соту Жээнбековдун талаптарын канааттандырган, ал эми 22-декабрда бул чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Жээнбековду ЖМКлар менен «негизсиз» соттошууну токтотууну талап кылган.

Уюмдун укук коргоочуларынын пикиринде, Жээнбеков жана өкмөт көз карандысыз ЖМКлар менен активисттердин «маанилүү ролун» сыйлап, алар «репрессиялар же куугунтуктоолордон» коркпой иштей тургудай кылышы керек.


ТЕМА БОЮНЧА: