Январдын ортосунда борбор калаа Бишкекте катуу суук жүрдү — кечкисин эшикте абанын температурасы Цельсий боюнча дээрлик -30 градуска чейин төмөн болуп атты. Мындай суук үйсүздөр үчүн эң эле оор убакыт. Январь ичинде шаарда сууктан улам 15 үйсүз каза болду, ал эми баш калкалоочу жайлар муктаждарга толуп калган.

Бишкекте туруктуу жашаган жери жоктор үчүн дайыма иштеп турган эки баш калкалоочу жана убактылуу иштеген эки жай бар — алар кыш мезгилинде гана ачылат. Ар бирине 40тан 70ке чейин адам батат. Өзгөчө убактылуу баш калкалоо жайларында шарттар жакшы деле эмес: 20-25 адам бата тургудай тар бөлмөлөр, күнүнө бир маал ысык тамак, бирок башкысы — жылуу. Бир адамдын курсагын тойгузууга райондордун администрациялары 35 сомдон бөлүшөт.

Баш калкалоочу жайлардын кызматкерлеринин айтымында, ичимдикке берилген үйсүз адамдар — коркунуч алдындагы топ. Андайларды бул жакка негизинен милиция же тез жардам алып келет. Ал эми тез жардам менен милицияны көчөдө уктап жаткан адамды көрүп, боору ооруган адамдар чакырышат.

Баш калкалоочу жайлардын эрежелеринин бири — ал жакта алкогол ичүүгө болбойт, бирок кызматкерлер убактылуу жашоочулардан бул эрежени сактоону анчейин талап кылышпайт. Башкысы — адам эшикке чыгып кетип, тоңуп калбашы керек.

ТЕМА БОЮНЧА: