Швейцариялык компания «Мегакомду» сатып алууга кызыкты

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго (ММБФ) «ALF Consulting SA» компаниясынан «Мегакомдун» 100 пайыз акциясын сатып алуу жөнүндө сунуш түштү. Фонддогулар компаниянын Швейцарияда катталганы боюнча гана маалыматты билишет.

ММБФнын басма сөз кызматы билдиргендей, 6-февралда мекемеге «ALF Consulting SA» компаниясынын каржы директору Марии Гамерданжеден кат түшкөн. Өз катында компания «Мегаком» байланыш операторунун 100 пайыз акциясын сатып алууга даярдыгын маалымдаган.

ММБФнын басма сөз катчысы Махабат Мансурова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде азырынча «ALF Consulting SA» жөнүндө эч нерсе белгисиз экенин айтты.

«Биз бул эмне компания экенин аныкташ үчүн Тышкы иштер министрлигине сурам жөнөттүк. Биз болгону компания Швейцариядан экенин гана билебиз», — деди Мансурова.

Ага карабастан келип түшкөн сунуш «Мегаком» компаниясында каралып атат.

Ошондой эле, ММБФда байланыш операторунун акцияларын кайрадан баалоо үчүн комиссия түзүштү. Акыркы жолу «Мегаком» 13,5 млрд сомго бааланган, бирок компания бул суммага сатылабы же жокпу азырынча белгисиз.

19-январда «Акылдуу шаар» долбоорунун инвесторлошу «Ака минералз энд майнинг» компаниясы да «Мегакомду» сатып алууга кызыкдар болуп чыккан.

«Ака минералз энд майнинг» компаниясы — «Акылдуу шаар» долбоорунун инвесторлорунун бири болуп калган — ал жабдыктар жана программалык камсыздоолор менен иштөө үчүн адистерди даярдоого 9 млн доллар салат. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 60 млн доллар тартылган.

«Акылдуу шаар» — жол кыймылдарынын эреже бузууларын каттаган видеокамераларды орнотуу боюнча долбоор.


ТЕМА БОЮНЧА: