Сириядагы чыр-чатакка кыргызстандыктарды тарткан жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 23-январда Сириядагы чыр-чатак жүрүп жаткан аймактагы эл аралык террористтик уюмга кыргыз жарандарын тартууга тийешеси бар деп 36 жаштагы атуулду кармады.

Кыргыз жарандарын эл аралык террористтик уюмдун курамына киргизүү үчүн Сириядагы согуш талаасына үгүттөөгө жана жөнөтүүгө катышты деп, 23-январда 36 жаштагы «Т.А.» аттуу кыргызстандык кармалды.

УКМКнын маалымат кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, кармалган кишинин үйүнөн экстремисттик маалыматтарды камтыган электрондук буюмдар жана диний адабияттар табылган.

«1982-жылы туулган "Т.А." аттуу кыргыз жараны 23-январда эл аралык террористтик уюмдун курамына киргизүү үчүн Сириядагы чыр-чатак жүрүп жаткан аймакка жарандарды үгүттөөгө жана жөнөтүүгө тийешеси бар деп кармалды», — деди УКМКнын басма сөз кызматынан.

УКМК кармалган жаранга каршы «экстремисттик материалдарды сактоо, жайылтуу жана жиберүү» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, аны мекеменин тергөө изоляторуна камаган.

Комитеттин маалыматына ылайык, айыпталып аткан жаран мурун «жихадга» үндөгөнү үчүн соттолуп чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: