Жалал-Абаддын бийлиги эски үйлөрдүн үстүнө жаңы батирлерди курууну чечишти

Жалал-Абаддагы үстүнө батир кошулган үйлөрдүн бири. Сүрөт: Руслан Калматов/«Азаттык»

Жалал-Абадда шаар бийлиги союз мезгилинде курулган көп кабаттуу эски үйлөрдүн үстүнө кошумча батир курууну колго алууда.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн.

Муну менен мэрия өкүлдөрү эски үйлөрдүн шартын жакшыртууну көздөгөнүн айтып жатышат. Бирок коопсуздугунан коркуп, мындай чечимдин залакасы тиерин айткан тургундар ага каршы.

Курулуш тармагындагы эксперттер болсо совет доорундагы үйлөрдүн курулуш нормалары бузулушу мүмкүн экенин эскертишти.

Назгүл Кулбаева төрт баласы менен бир бөлмөлүү батирде жашайт. Былтыр күз айларында алар жашаган төрт кабаттуу жатакананын үстүнө жеке ишкерлер дагы бир кабат кылып батирлерди салган. Кулбаева курулуш башталгандан ушул кезге чейин төртүнчү кабаттагы өзү жашаган үйгө суу агып, жаңы эле оңдолгон бөлмөнү жарактан чыгарганына жаны кашаят:

«Былтыр курулуш жүрүп жатканда үйдүн чатыры алынып, бир топко чейин иш токтоп калган. Ошол учурда жаан жаап, үйлөргө өтүп кетти. Жаңы кылган евро ремонтубуз бузулду. Өзүңөр көргөндөй, дубалдар көгөрүп, үйдүн ичи башкача жыттана баштады. Бул боюнча жеке ишкерге кайрылсак, "кирпич түшүп кетип терезелерди сындырса же башка зыян келсе гана төлөп берем" дейт. Мэрияга барсак, алар "сотко кайрылгыла" деп гана жооп беришти. Курулушка биз макул болгон эмеспиз, ылдыйкы кабаттагылар макулдук беришкен экен».

Батир кошулган үйлөрдүн бири. Сүрөт: Руслан Калматов/«Азаттык»

Шаардын Көк-Арт кичи шаарчасындагы №41 жатакананын үстүңкү кабатында жашаган тургундардын көпчүлүгүнүн батирлери курулуштан кийин бузула баштаганы байкалат. 36 батирлүү жатакананын жашоочуларынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен курулуш иштери башталып, азчылыктын пикири эске алынган эмес. Аты-жөнүн атагысы келбеген дагы бир тургун бузула баштаган батирин көрсөтүп берди:

«Мына карасаңар, шып көчө баштады. Былтыр чатырын ачкан учурда суу өтүп, челектеп ташып жаттык. Дубалдар көгөрүп, азыр эми ным тартып жатат. Электр тогу тартылган зымдардын баары күйүп калды. Бул бөлмөлөрдү толугу менен оңдоодон өткөрмөйүнчө жашоого болбойт. Үстүбүзгө үй кургандарга кайрылсак, кошуналарды коркутуп жатыптыр. Курулуш иштерин болсо биз жокто эле баштап жиберишиптир».

1980-жылдары курулган эски жатакана 2006-жылдары менчиктештирүүгө берилген. Бир-эки бөлмөлүү батирлерде көбүнчө азыр ижарага алгандар жашайт. 2017-жылы “Шамилов и КО” ЖЧКсы жогорку кабатта курулуш иштерин жүргүзүп, кошумча батирлерди курган. Анын жетекчиси Бактыбек Сулайманов "баары мыйзам чегинде болгон" дейт:

“Шамилов и КО” ЖЧКсынын жетекчиси Бактыбек Сулайманов. Сүрөт: Руслан Калматов/«Азаттык»

«Биринчи кезекте бул жерде кондоминиумдун атынан бизге кайрылуу болгон, жатакананын үстүн жаап, түтүктөрүн алмаштырып берүү боюнча. Ошого байланыштуу биз үстүнө жаңы батирлерди салып, андан түшкөн пайдага чатырын жаап, жертөлөдөгү түтүктөрүн алмаштырып бердик. Бул жатакананын жертөлөсүн суу басып, бир жакка ооп калган экен. Архитектура, мэрия жана башка тийиштүү тараптардан уруксат алынган. Оштон курулушту долбоорлоо институтунун адистери келип, "кошумча имарат курууга болот" деген корутунду чыгарып кетишти. Шаардык мэриянын токтомунун негизинде гана курулуш иштерин баштаганбыз».

Жалал-Абад шаарынын аймагында азыр 240 көп кабаттуу үй бар. Алардын 30% 1950-1960-жылдары салынган. Калган үйлөрдүн курулушу 1970-1980-жылдарга туура келет. Акыркы жолу шаарга 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин гана андан жабыркагандар үчүн көп кабаттуу үч үй салынган. Шаардын жетекчилиги эски көп кабаттуу үйлөрдү жаңылоо максатында жеке ишкерлер менен келишим түзүп, ушул ишке барып жатканын билдирет. Шаар мэри Салайдин Авазов аны мындайча түшүндүрдү:

«Чындыгында азыр шаарда эски көп кабаттүү үйлөр көп. Алардын айланасы бузулуп, чатырынан суу агып, түтүктөрү эскирип бүткөн. Биз ошолорду оңдоо максатында ишкерлердин ишин колдоп жатабыз. Алар ошол жердин шартын жакшыртышы керек. Экинчиден, бул иш ошол жерде жашагандардын баарынын макулдугу менен, эч кимге зыяны тийбегендей болушу керек. Жогорудагы жатакананын айланасындагы жагдай боюнча маселе жакынкы күндөрү толук чечилет. Эгерде андай болбосо ишкерге кийинки көп кабаттүү үйдүн үстүнө батир курууга уруксат берилбейт».

Анткен менен шаар бийлиги жаңы көп кабаттуу үйлөрдү куруу планы да бар экенин билдирүүдө. Учурда шаардын аймагындагы 1 гектар жерге тогуз кабаттуу төрт үй курууга сынак жарыяланган.

Курулуш боюнча эксперт Алтынбек Бузурманов эски долбоор менен курулган эски үйлөрдүн үстүнө курулуш жүргүзүү талапка ылайык эмес экенин айтты:

«1980-жылдарда салынган көп кабаттуу үйлөр мурдагыларга салыштырмалуу жаңы эле үйлөрдүн катарына кирет. Алардын үстүн уласа болот, бирок металл конструкция менен. Учурда эски долбоордо тазалоочу шахталар, башка бөлүктөрү кандай көрсөтүлсө, ошондой жасалышы керек, бирок аны азыр жасоо мүмкүн эмес. Ошол эле учурда көп кабаттүү үйдүн жертөлөсү ошол массага гана ылайыкташкан. Эгерде кошумча дагы үстүнө курулуш салып, салмак кошулса, анын туруштугуна эч ким кепил боло албайт. Ошондуктан мындай курулуштарды салуу талапка ылайык эмес».

Жатакананын үстүнө курулган 12 батирлүү жаңы үйлөрдүн кызыл тасмасы өткөн жумада шаар мэринин катышуусунда кесилди. Бирок алар азырынча комиссия тарабынан текшерилип, кабыл алына элек. Жаңы батирлер болсо сатыкка коюлган.