АКШ Кыргызстандын мектептерин колдоого 1 млрд сом бөлдү

АКШнын өкмөтү Кыргызстанда 2018-2021-жылдарга билим берүү системасын колдоого 1 млрд сом бөлдү. Каражаттар башталгыч класстарга билим берүүнүн жана ысык-тамак аш менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга жумшалат.

Кыргызстандын мектептери үчүн Америка өкмөтү каржылоо бөлгөнү боюнча маалыматты «Клооптун» кабарчысына АКШнын элчилигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Мектептерде тамаш-аш берүүнү камсыздоо, мугалимдер үчүн тренигдерди өткөрүү жана башка тийиштүү колдоо көрсөтүү менен программанын долбоорлору мектептерде жетишкендикти жогорулатууга өбөлгө болот», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Элчиликтен 1 млрд сом эл аралык «Мерсико» жана «Балдарды сактагыла (Спасите детей)» уюмдары аркылуу ишке ашаарын белгилешти.

«Мерсикодон» «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, бөлүнгөн каражатка үч жылдын аралыгында 2018-жылдан тарта 2021-жылга дейре 430 мектептин башталгыч класстарынын 86 миң окуучусу ысык-тамак-аш менен камсыздалат.

Ошол эле учурда 350 мектеп Кыргызстандын алыскы тоолу райондорунда жайгашкан.

Мындан тышкары, аталган уюмдан 100 млн сомго ашкана жабдыктары сатылып алынаарын, ал эми дагы 17 млн сомго айрым мектептерде оңдоо иштери жүргүзүүлөөрүн белгилешти.


ТЕМА БОЮНЧА: