ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Башкы прокуратура Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркуловдун милиционерлерди уруксатсыз видеого тартууга тыюу салынат деген билдирүүсүн «ыксыз» деп атап, ага эскертүү берди.

Башкы прокуратура 7-февралда ЖКККББнын башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловдун айткандарын «ыксыз» деп атады.

«Кыргызстандын учурдагы мыйзамдары кызмат өтөө учурунда ЖКККББнын кыматкерлеринин аракеттерин фото-видеого тартууга тыюу салбайт», — деп айтылат башкы прокуратуранын маалыматында.

ЖКККББнын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов «Клооптун» кабарчысына Башкы прокуратуранын чечимине байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

«Прецедент» компаниясынын юристи Иляна Жедигерова кабарлагандай, мындай билдирүүлөр кайталанса Саркуловго 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин штраф салынышы мүмкүн.

Сот менен коркутуу

Ыманалы Саркулов патрулдук милиционерлерди уруксатсыз видеого тартуу үчүн сотко берүү менен коркуткан. Анын айтымында, ЖКККББнын башкалардыкы сыяктуу эле жарандык укуктары бар, ошондуктан аларды уруксатсыз видеого тартып, жарыя кылгандарды сотко бере алат.

Ошондон кийин «Сафари» кыймылынын активисттери Саркуловдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазышаарын билдиришкен. Активисттер «ар бир адам маалыматты оозеки, жазуу же башкача ыкмалар менен жайылтууга укуктуу» деп айтылган Конституциянын 33-беренесине таянышкан.

«Прецедент» компаниясынын юристтери жарандар патрулдук милиционерлерди ЖКККББнын уруксаты жок видеого тартып, аны интернетке жарыялаганга укуктары бар экенин «Клооптун» кабарчысына айтышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: