Бишкек шаардык соту Саляновага каршы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова сот залында. Сүрөт: Самат Жумакадыров/«Азаттык»

Бишкек шаардык соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы жаза өтөө мөөнөтүн 2029-жылга чейин жылдыруу менен беш жылга абакта калтырды. Салянова бул чечимди Жогорку сотто даттанмакчы.

Бишкек шаардык соту өкүмдү 7-февралда чыгарды. Сот Аида Салянованын адвокаттарынын даттануусун карап, өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Салянованын жаза өтөө мөөнөтүн кызы 14 жашка чыкмайынча, 2029-жылга чейин жылдырып, мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерип, беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарышты.

Мамлекеттик айыптоо Саляновага карата жазаны сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу менен күчөтүүнү сураган.

Анын адвокаттары билдиришкендей, өкүмдү Жогорку сотто даттанышат, ал эми Салянова өзүнө каршы ишти «токулган» деп атады.

«Башында эле бул цирк болчу. Сотко эч кандай далилдердин кереги жок. Мага каршы жети томдон турган иш токулган. Сот абдан тандоочулук менен аракет кылууда. Биздин бийлик мыйзам менен саясаттын ортосунда саясатты тандайт», — деди Салянова өкүм чыккандан кийин.

Салянованын юристтери бир нече жолу соттогу эреже бузуулар жөнүндө билдиришкен — жарыш сөз учурунда Салянова да, адвокаттар да өз сөздөрүн аягына чыгара алышпай калды. Ошондой эле мурдагы башкы прокурорго акыркы сөз учурунда өз сөзүн жыйынтыктоого мүмкүнчүлүк бербей коюшту.

Аида Салянованын иши

Башкы прокуратура Аида Саляновага каршы кылмыш ишин 2016-жылдын декабрында «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча козгогон.

Мамлекеттик айыптоонун версиясы боюнча, Салянова юстиция министри болуп турганда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узартып берген.

Депутат бул айыптоолор саясий мүнөзгө ээ деп эсептейт — 2016-жылы Салянова Атамбаев сунуштаган Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы депутатты «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Сот Саляновага мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Бирок депутаттар анын баласы 14 жашка чыккандан кийин жаза мөөнөтүн өтөп баштоого уруксат беришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: