Казармандагы алтын өндүрүүчү ишкананын курулушу митингдин айынан токтотулду

Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо районунун Казарман айлында алтын өндүргөн ишканын курулушу убактылуу токтотулду. Курулушту токтотууга 400дөй жергиликтүү тургундун митингге чыкканы себеп болду.

Жалал-Абад милициясынын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, 7-февралда өткөн каршылык акциясына 400гө жакын адам чыккан. Алар фабриканын курулушун токтотууну талап кылышкан — тургундардын айтымында, ишкана экология зыян тийгизиши мүмкүн.

Тогуз-Торо райондук администрациясынын жетекчиси Табылды Салиманов фабриканын курулушу жергиликтүү тургундардын нааразычылыктарынан улам токтотулганын  «Клооптун» кабарчысына билдирди.

«Жергиликтүү тургундар тийиштүү органдардын корутундулары алынганына карабастан фабриканын курулушу экологияга оор залакасын тийгизи мүмкүн деп эсептешет. Компаниянын адистери менен көз карандысыз экологдор түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө келишкен, бирок тургундар укпай коюшту», — деди ал.

Жергиликтүү тургундар ишкананын курулушу токтотулганы боюнча жарыялангандан кийин каршылыктарын токтотушкан.

«Жи Эл Макмал» компаниясынын директору Максат Жээналиев «Азаттык» үналгысына курган маегинде ишкананын курулушу экология зыян тийгизбешин айткан.

«Технология боюнча биз ал жерде кен иштетпейбиз. Кенден чыккан байытылган концентратты гана иштетебиз. Бул өзү эле айтып тургандай, таза технология болуп жатпайбы. Азыр алтын кошулмалары чет өлкөгө кетип жатат», — деп билдирген Жээналиев «Азаттык» үналгысына.  

Бул эсеп боюнча үстүбүздөгү жылдагы экинчи митинг — 1-февралда да тургундар ишкананын курулушун токтотууну талап кылшыкан. Анда жергиликтүү бийлик көйгөдү 7-февралда чечип берүүнү убада кылып, митингчилерди тарап кетүүгө көндүргөн.

«Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясы алтын өндүрүүчү ишкананын курулушун «Макмал» комбинатынын аймагында 2017-жылдын сентябрында баштаган жана курулушту 2018-жылдын жай мезгилине чейин бутүрүүнү пландап атат.