Жашоочулар менен жаңжалдан кийин аскер лицейинин 13 курсанты окуудан чыгарылды

Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинин жетекчилиги Бишкектеги Жал кичи районунун туругундары менен урушу үчүн 13 курсантты окуудан чыгарды. Ошондой эле, окуянын айынан ички иликтөө маалында ээлеген кызматтарынан эки офицер четтетилди.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан 13 курсант кайра окуусун уланта албай турган болуп аскер лицейинен чыгарылганын «Клооптун» кабарчысына тастыкташты.

«Башында алты адамды чыгарышмакчы болуп аткан, бирок аларга башкалар болушуп чыгып, натыйжада 13ү четтетилди», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Аскер лицейинин администрациясынан курсанттар окуудан четтетилгенине жана иликтөөнүн чоо жайына байланыштуу «Клоопко» кооментарий берүүдөн баш тартышты.

Учурда лицейде текшерүү уланып атат, аны ИИМдин, Билим берүү министрлигинин жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин  кызматкерлерлери жүргүзүүдө.

Окуудан чыгарылган курсанттардын ротасына жооптуу эки офицерге карата да иликтөө жүрүүдө.

Аскер лицейинин курсанттары менен Жал кичи районунун тургундарынын ортосундагы окуя 4-февралда болгон. Уруш дем алыш күнү эки курсант жергиликтүү компьютердик клубга келгенде башталып кеткенин милициядагылар айтышкан.

Жаңжалдан кийин милицияга бир офицерди кошуп, алты адам жеткирилген.

Лицейдин администрациясы «жарандар менен лицейчилердин ортосунда эч кандай мушташ болгон эмес» деп маалымдаган. Лицейдин начальниги Марат Дүйшөновдун айтымында, курсанттар менен жергиликтүүлөрдүн ортосундагы мындай уруштар «20 жылдан бери болуп келет».


ТЕМА БОЮНЧА: