Бишкек мэри жылуулук борборундагы авариянын айынан кызматтан кетпейт

Албек Ибраимов

Бишкектин мэрия Албек Ибраимов билдиргендей, Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын айынан кызматтан кетүүнү туура көрбөйт, анткени мэрия стратегиялык объекттердеги техникалык бузулуулар үчүн жооптуу эмес.

Калаа башчысы эгерде Бишкек ЖЭБдеги авариянын чыгышына жеке өзү күнөөлүү болсо кызматтан кеткени туура болмок деп эсептейт.

«Эгерде бул мен жооп берген аймак болсо, анда өлкөнүн жетекчилиги мени кызматтан алмак. Көп кабаттуу үйлөрдүн 85 пайызын жылуулук менен камсыздаган "Бишкек ЖЭБи" менен "Бишкек жылуулук тармагы" "Улуттук энергетикалык холдингдин" карамагында», — деп келтирди «Спутник» басылмасы Ибраимовдун сөздөрүн.  

Ибраимовдун айтымында, мэрия Бишкектин техникалык объекттериндеги авариялар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

«Биз шаар курулушунун 15 пайызын жылуулук менен камсыздаган ишкана үчүн жооп берүүгө даярбыз, бирок ал үзгүлтүксүз иштеп атты», — деп билдирди Ибраимов.

Премьер-министр Сапар Исаков 31-январда ЖЭБдеги аварияга арналган парламенттин жыйынында шаар мэрине болушкан. Өкмөт башчысынын айтымында, Ибраимов «күндүр-түндүр» иштеген.

«Ал публикада жүрбөгөн адам. Жылытуу түйүндөрүн уюштуру, ысык чай жана жууркандарды таратуу иштеринин бардыгын мэрия аткарган», — деп түшүндүргөн Исаков депутаттарга.

Бишкектин батирлеринде температура 26-январда ЖЭБде болгон авариядан улам кескин төмөндөп, ошондой эле, ысык суу жана электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо бешинчи күн дегенде дээрлик толугу менен калыбына келтириле баштаган.

Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБиндеги авария фактысы боюнча «Шалаакылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал эми өкмөт февралдын аягына чейин авариянын келип чыгуу себептерин иликтеп, ага күнөөлүүлөрдү аныктай турган ведомстволор аралык комиссия түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: