Кыргызстан менен Тажикстан талаштуу аймакта көпүрө курууну макулдашышты

Кыргызстандын жана Тажикстандын бийлиги Гулякандоз каналы аркылуу жаңы көпүрө курууну макулдашышты. Буга чейин тургундар каналдан көпүрө катары пайдаланышкан контейнер аркылуу өтүшчү.

Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клооптун» журналистине билдиргендей, кыргыз тарап Тажикстан менен талаштуу тилкеде жаңы көпүрө орнотууну баштаган.

Бердикулованын айтымында, эки өлкөнүн бийлиги Баткен облусунун Сада айлынын жанында жергиликтүүлөр тарабынан орнотулган контейнердин ордуна жаңы көпүрө курууну макулдашышкан.

Кыргызстандын чек ара кызматы 8-февралда билдиргендей, тажик тарап Саданын тургундары мектеп окуучулары суу каналынан коркунучсуз өтүүлөрү үчүн уруксатсыз контейнер көпүрөсүн орнотуп алышканы үчүн эки өткөрмө бекетин убактылуу жаап салган.

«Баткен облусунун Сада калктуу конушунун тургундары мектепке жетиш үчүн алыс аралыкты айланып өтүүгө аргасыз болуп жаткан мектеп окуучулары үчүн канал аркылуу өтүүгө көпүрө курушкан», — деп билдирген чек ара кызматы.

Мындан тышкары, Тажикстандын чек арачылары Баткен облусундагы Сай аймагындагы көпүрөнү жаап, ал жакта өздөрүнүн аскерлерин коюп алышкан.

Кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстандын чек ара кызматы тажик аскерлери көпүрөнү ачып, аймактан кетишкенин кабарлаган.


ТЕМА БОЮНЧА: