Уулунун өлүмүнө шектелген атанын соттук иши токтотулду

Ош шаардык соту уулунун өлүмү үчүн айыпталган атанын соттук ишин жокко чыгарды.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» кабарлагандай, 2-февралда шаардык сот уулунун өлүмүнө айыпталган атанын ишин токтотту.

«Соттук отурумда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү (апасы — ред.) соттолуучуга эч кандай арыз-доосу жок экендигин жана аны айыптоодон баш тарта тургандыгын айтып, тосмо арыз берген», — деди Осмонкулов.

Осмонкулов билдиргендей, Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, жабыр тартуучу айыптоодон баш тартканда сот ишин жүргүзүү жокко чыгарылат.

Өткөн жылдын 29-ноябрында тез жардам кызматкерлери Ош шаарында 6-класстын окуучусу өз бөлмөсүндө каза болгону тууралуу маалымдашкан. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, баланын денеси көгала болгонуна күбө болушкан.

Милиция баланын сабалышына шектүү катары атасын кармап, ага каршы «баласына зомбулук көрсөттү» деген жүйөө менен кылмыш иши козголгон.

Баланын апасы өз көрсөтмөсүндө уулу көчөдөн таяк жеп келгенин, атасы ага кол көтөрбөгөнүн айткан. Ата-эне баласынын абалы оорлошуп кеткенде тез жардам кызматын чакырышканын кабарлашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: