Орусияда жүргүнчү ташыган учак кыйрады

Москванын чет-жакасында Ан-148 үлгүсүндөгү «Саратов аба жолдорунун» учагы кыйрады. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак почтанын тик учагы менен сүзүшүп кетиши мүмкүн болгон. Учактагы 70тен ашуун киши көз жумду.

Москванын чет-жакасында Ан-148 учагы кулады. «Медуза» басылмасынын маалыматы боюнча, учактын бортунда бери эле дегенде 71 адам болгон. Ыкчам кызматтардын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөрдүн ичинен аман калгандар жок.

Учак кырсыгында 65 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү каза тапкан. Бул каттам менен тагыраак кимдер учуп бара жатканы жана алардын арасында кыргызстандыктардын бар же жогу азырынча белгисиз.

«Интерфакс» басылмасынын маалымат булагы ырастагандай, учак кырсыгында аман калуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Mash маалымат каражаты учак абада кыйрап, ал эми анын калдыктары чоң аянтка чачырап кеткенин ырастоодо.

Учак каттамдарын байкаган Flightradar24 сервисинин маалыматы боюнча, учак абада 2 мүнөттөн ашык болгон эмес. «Интрерфакс» маалымдагандай, учак «Орусия почтасы» ишканасынын тик учагы менен сүзүшүп кетүүсү мүмкүн болгон.

Самолет Степановское айылына кулаган. Куткаруучулар кырсык болгон жерге жетип барышты.

«Куткаруучулардын биринчи тобу учак кулаган жерге барышкан. Сыныктардын чачыраган аянты болжолдуу 1 километрди түзөт», — деп билдирет ӨКМ.

«Саратов аба жолдорунун» Ан-148 учагы Москвадан Орск шаарын көздөй кетип жаткан.

Орусиянын тергөө комитети авиакырсык боюнча кылмыш ишин козгоду.

Орусиянын президенти набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты.