Элчи аэропорттон офицерлерди тосуп алуу тапшырмасынын айынан ТИМ менен араздашып кетти

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан өз жетекчилигин бейрасмий делегацияларды тосуп алууга мажбур кылып жатат деп айыптады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, дипломат «туура эмес» айтууда.

Султан 9-февралда фэйсбукта ТИМ Кыргызстандын Кореядагы элчилигине бейрасмий делегацияларды тосуп алууну «мыйзамсыз» тапшырууда деп жазган. Анын айтымында, ага эки офицерди тосуп алууну буйрушкан.

«ТИМдеги "жалган маалыматчылар" кеп мен жеке өзүм жана диаспоранын активисттери аэропортто сый-урмат менен ыктымал олимпиадачыларды тосуп алуу жөнүндө болуп атат деп айтышкан», — деп наарызы болгон элчи.

Кыргызстандын ТИМнин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев «Клооптун» кабарчысына өлкөнүн Түштүк Кореядагы элчилигине чын эле аэропорттон расмий сапары менен келген эки аскер кызматкерин тосуп алуу тапшырмасы берилгенин айтты.  

«Куралдуу күчтөрдүн подполковниги, куралдуу күчтөрдүн майору Корея Республикасынын чакыруусу менен келиши керек болчу. Биздин техникалык жана башка колдоолор боюнча келишимибиз бар», — деди Азымбакиев.

Анын айтымында, расмий өкүлдөрдү тосуп алуу дипломаттардын милдеттерине кирет. Ал ар бир элчиликке толук кандуу иштеш үчүн, анын ичинде расмий адамдарды тосуп алууга каражаттар бөлүнөөрүн кошумчалады.

«Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесинин өкүлү жана мурдагы элчи Эрик Асаналиев Султандын айткандарын «мамлекеттик жана дипломатиялык кызматкердин этикасына карама-каршы келет» деп баа берди.  

Ал эми Султан өзү «аэропортто узатуучу жана шопинг боюнча гид» болууга милдеттүү эмесмин деп жооп берди.

«Эгерде силерге жана айрым "карьералык" дипломаттарга аэропортто узатуучу жана шопинг боюнча гид болуу жакса, анан бул сонун деп атасаңар — "карьералык дипломатия" анда кесипти алмаштыргыла деп кеңеш кылат элем», — деп жооп берген ал.

ТИМде Кыргызстандын Кореядагы элчиси министрликтин тапшырмасын жарыялоо менен мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө мыйзамды бузду деп эсептешет. Бирок дипломат кандай жазага тартылаары азырынча белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: