Текебаев Атамбаевге президент болууга мүмкүнчүлүк бергенине өкүнөт

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев

Соттолгон саясатчы Өмүрбек Текебаев «24.kg» басылмасына өзүнүн «эң чоң саясий катасы» жөнүндө айтып берген. 2017-жылдын августунда оппозиционер коррупция боюнча айыбы менен 4,5 жылга абакка кесилген.

Текебаев «24.kg» басылмасына курган маегинде өзүнүн эң башкы саясий катасы катары 2010-жылдагы шайлоодон кийин парламенттик коалицияны түзүү боюнча мандаттан баш тартканын эсептээрин айткан.

Анын айтымында, ошол кезде президенттик кызматты ээлеген Роза Отунбаева ага жана анын «Ата Мекен» фракциясына коалиция түзүүнү сунуштаган, бирок ал баш тартып, бул укукту Өмүрбек Бабановдун «Республика» фракциясына берген.  

Бабанов коалицияны үч партиядан, «Республика», «Ата-Журт» жана КСДП партияларынан курган. Өз кезегинде, бул парламенттик бирикме натыйжада өкмөт башчылыгына Алмазбек Атамбаевди дайындаган.

Текебаев Атамбаевдин премьер-министр, андан соң президент болуп калганына өкүнгөнүн «24.kgге» айткан: «Эгерде мен өкмөттү түзүүгө мандаттан баш тартпаганда, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп калбайт болчу».

Учурда оппозициячыл саясатчы коррупция үчүн айыпталып камакта отурат — аны пара алууга күнөөлүү деп табышып, 8 жылга түрмөгө кесүү өкүмүн чыгарышкан. Бирок анын абак мөөнөтү мунапыска байланыштуу 4,5 жылга кыскартылган.

Ал эми Текебаев өзү айыптоолорду четке кагып, өзүнө каршы ишти Атамбаев менен пикир келишпестиктер үчүн «саясий» деп эсептейт. «Ата Мекен» партиясы Атамбаев демилгелеген Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан.

Натыйжада түзөөтүлөр кабыл алынып, ал эми конституциялык өзгөртүүлөргө каршы чыккандарга карата кылмыш ишин козгой башташкан — учурда сот жараяндары Текебаевдин башка эки партиялашы, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова менен депутат Алмамбет Шыкмаматовго карата да жүрүүдө.

Ал эми Атамбаев өзү президенттик кызматтан 2017-жылдагы шайлоонун натыйжасында, өлкөнү анын үзөңгүлөшү жана мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектей баштагандан кийин кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: