Кантип пенсионер төрт жылдан бери борбордук жылытуусуз жашап келет?

Мария Щуцкая өз батиринде. Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

«Красный строитель» конушу борбордон 40 мүнөт алыстыктагы Бишкектин эң четинде жайгашкан. Качандыр бир кезде бул жерде кыш чыгарган завод иштеп, жашоо тутанып турчу. Бирок Советтер союзу тарагандан кийин ал жабылып калган. Бул жерде үйлөрдүн жарымы борбордук жылытуу системасына кошулган, бирок 2014-жылы шаар бийлиги көп батирлүү эки үйдү жылытуу системасынан ажыратып, жашоочулар өздөрү көмүр жагышы үчүн мештерди коюп берген.

Бул үйлөрдө жашгандардын бири Мария Щуцкой 85 жашта. Өзүнүн кичүү сиңдиси Любовь менен ал кыш чыгарган заводдо өмүрүнүн жарымын иштеп өткөрүп, жада калса эмгек ардагери болуп калган. Учурда каралбай калган батирди жашоого ылайыктуу деп айтуу кыйын: төбөсүнөн суу агат, ал эми дубалдары нымдан улам карарып кеткен. Бирок апа ал жактан кетүүнү каалабайт — анткени бул үйдү ага заводдо көп жылдык эмгеги үчүн беришкен. Ал үч жылдан ашуун убакыттан бери бул жерде кыш чилдесин башынан өткөрүп, качандыр бир кезде батирине жылуулук берилип калаар деп үмүттөнүп отурат.

Любовь жана Мария

Любовь Иванова басып бара жаткан жолго үлпүлдөгөн жеңил каар жаап жатты. Жер менен тоңуп калган кар анын буту тийген жерде кыртылдайт — ал суюк тамак куюлган калай идиш менен азык-түлүк салынган баштыкты өз эжесине көтөрүп бара жаткан. Жолдун кесилишинде Любовь тайгаланып жыгылып түшкөндө чач кармагычы жерге тийип ачылып кетти. Ал үндөбөстөн өйдө туруп, кийимине жабышкан карды күүй баштады. Анын наалып-напчып, арызданганга убактысы жок.

Любовь 77 жашта экенине карабастан бир кездеги үй-бүлөсүндө тирүү калган өзүнүн жалгыз эжеси Марияны багып келет.

Ал басып келе жаткан үй толугу менен карга көмүлүп калган. Дубалдагы кичине эшиктен ал чоң жана кароосуз калган үйдө көрүнөт. Бирок батирлердин биринде Мария жашайт. Кышкысын ал эшикке чыкпашы үчүн жаап кетишет — ал жакта Мария музга тайгаланып жыгылып же адашып кетиши ыктымал.

Любовь Иванова өз эжесинин курсагын тойгузуп, ага от жагып бериш үчүн күнүгө маршруттук такси менен конуштун аркы чекесинен бул жакка келип кетип турат.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү
Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Щуцкаянын үйү ичинен бук кылган сезимди калтырат — дубалдан шыбак сыйрылып турат, үйдө нымдын жыты бар, ал эми анын ичинен өзүңө кышкы кийим кийип алып эле отурбасаң тоңуп каласың.

Жатаарга аз калганда Любовь өз эжеси үчүн от жагат, бирок көмүр бат күйүп кетип, түтүктөрдөгү жылуулук беш сааттан ашык кармалбайт. Эртең мененкиге чейин үй кайрадан муздап, Мария начар иштеген электр жылыткычын күйгүзөт. Щуцкая 9000 миң сомдой пенсиясынан электр энергиясы үчүн ай сайын 700 сом төлөйт. Ошол эле маалда эки эле бөлмө аз-аздан жылыйт.

«Эмне кылам, үйүм ушундай, бирок өзүмдүкү. Аны менин эмгегим үчүн беришкен», — деп угулуп турду Мариянын термелип, кайсы бир тарапты тиктеп айткан сөздөрү. Ал өчүк сыналгы менен чаң баскан столдун жанында отурат, башында жүндөн тигилген жоолук, үстүндө төрт көйнөк, бутунда узун жылуу байпак кийинген. Бетиндеги бырыштан улам бул аялдын жүзүнүн түрүн түшүнүү кыйын. Ал кам көрүп жаткан сиңдисин мактап, кайгы менен каза болгон баласын эстеп, «мунун баары качан бүтөөрүн» күтүп жатат.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү
Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Альтернативдик жылуулук

Төрт жыл мурда «Красный строитель» конушундагы эки үйдүн жылытуу түтүктөрү тоңуп калган. «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кызматкерлери келишип, түтүктөрдү оңдоонун ордуна үйлөрдү борбордук жылуулук берүүдөн ажыратып, ар бир батирге көмүр мешин орнотуп кетишкен.

Эже-сиңдилер бул боюнча кабарлашкан эмес деп ырасташууда, ал эми «Бишкекжылуулкэнерго» ишканасында эки үйдүн бардык тургундары үчүн жалпы чогулуш өткөрүлүп, аларга жаңы түтүктөрдү өткөрүү пайдасыз экенин жана ар бир батирге «альтернативдик жылыткыч» орнотуу арзаныраак болоору түшүндүрүлгөн деп маалымдашты.

Мештерди орнотууга макулдук берүү актысында бардык жашоочулардын колдору турат, бирок Иванованын эжеси да, башка жашоочулар да эч нерсеге кол коюшкан эмес — ал эми кол белгилерин жасап коюшкан деп айтууда. «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы кол белилер жасалмаланганын четке какты.

Эже-сиңдилер ал учурда жашоочуларга мешти орнотоор алдында гана кабарлашканын айтып беришти — эгерде алар өз үйлөрүндө борбордук жылытуунун ордуна мештерди коюуга уруксат беришпесе, алар кышында тоңуп калышат. Мындай абалда төрт үй-бүлө калган: алардын бирөөсү аткаминерлердин мештеринен баш тартып, өз үйүнө газ өткөрүп алган, ал эми башкалар көнгөнө аргасыз болушкан.

«Алар "эгерде сиз, Маша апа, меш койгонго уруксат бербей косоңуз, жылуулуксуз каласыз" деп айтышкан. Ал макул болгон», — дейт Любовь Ивановна. Анын эжеси карып калгандыктан сүйлөгөнү да оорлошуп калган.

Иванова жуунчу бөлмөгө орнотулган жаңы меш анда-санда гана иштегенин эстеди: түтүн түтүк аркылуу тышка чыкпай эле үйдүн ичине кирип, ал эми мештин өзүнөн суу шорголоктоп агып турчу.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү
Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Ошентип Мария үйүндө жылуулугу жок калган. Анын баласы Олег тирүү кезинде жаңы мешке от жагып, дайыма чатырга чыгып, морду тазалап турчу. Анткен менен ал жардам берчү эмес — мештин чиндеги түтүндүн жарымы үйдүн ичине кирип, бирок бөлмөлөрдө болгону бир нече саатка гана жылуу болуп турчу. Нымдуулуктан улам үйдүн дубалы карарып, ал эми жууна турган бөлмөдө кышындасы муз тоңуп калат.

Мариянын баласы Олег 2015-жылы каза болгон — ал болгону 49 жашта болчу. Уулунун жүрөгүнө аба жетпей кайтыш болгонун өлүкканадагылар айтышкан. Бирок Щуцкаянын сиңдиси Олег «түтүндү көп жыттап» алганы үчүн каза болгон деп эсептейт.

Анда Любовь күрөшүүнү чечкен.

«Пайдасы аз»

«Биринчилерден болуп мен кондоминиумга барып, эмне үчүн түтүктөрдү кесип салышканын сурадым. Мага ал жактан үйлөрдүн "пайдасы аз" деп жооп кайтарышты. Мен абдан нааразы болуп — бул дүкөн эмес, азык-түлүк да эмес, турак үйлөр жана адамдар дедим. Дүкөндөрдө пайдасы аздардан арылышат!» — деп эстеди ал.

Бир жылдан кийин Любовь туура эмес орнотулган мешти мамлекеттин эсебинен оңдоп берүүлөрүн талап кылып, ага жетишкен — эми меш мурдакыдан жакшыраак жылыта баштап, түтүн үйдүн ичине кирбей калган.

Бирок Иванова ошону менен эле токтоп калган эмес — ал мэрияга, акимге жаза баштап, 2017-жылы бул үйлөргө борбордук жылытууну кайтарууну талап кылып, премьер-министрге чейин жеткен.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Бардыгы буга окшош эле жооп беришкен — кайра баштан борбордук жылытуу системасын өткөзүү мүмкүн болбой калды, ал эми аны жылуулук берген түтүктөр «дайыма тоңуп калып, аларды жыл сайын алмаштырууга туура келип жатканы» үчүн кесип салышкан.

«Бир жолу акимдин орун басары келген. Кудай сакта, бул жерде ал кыйыкырынып, урушуп жатты! "Силер эмне өз үйлөрүңөрдү карагыңар келбейби? Силерге эмне бул жерде совет бийлигиби?" деп айткан. "Абышкалар жалкоолонуп, от жагууну каалашпайт" деп кыйкырган», — деп айтып берди Любовь.

Кезектеги текшерүүдөн кийин «Бишкекжылулукэнерго» ишканасы Щуцкаянын батиринде «жылуулук системасы авариялык абалда» болгон фактысын айтып чыгышты. 2016-жылы мэриядан ага бир жолку кайтарымсыз жардам көрсөтүүнү чечишкен: эки жылыткыч сатып алып, 12 мүшөк көмүр алып келип беришкен.

Ошентсе да Иванова өзүнүн борбордук жылытуу системасын кайтарууга багытталган күрөшүн токтотууга шашылбайт.

«Мен таштабайм. Өлсөм өлүп калаттырмын. Бул менин принцибим. Кантип ошондой болсун? Малга мамиле кылып жаткансыган кантип болсун? Алып туруп эле жылытууну кесип салгыдай», — дейт ал.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

«Бишкекжылуулукэнергонун» башкы инженери Людмила Лабутина «Красный строитель» конушунда бир нече жыл мурда эле жылытуу чордону реконструкция кылынышы керек болгонун айтты — мамлекет буга жарым миллион сом кетирмек.

«Ал жакка жада калса жылуулук берүү да пайдасыз болчу […], анткени түтүктөрдүн узундугу чоң болчу, ал эми жылуулук болгону төрт гана батирге берилет», — дейт ал.

Лабутина Любовь эжесинин батирине жылуулукту бул турак-жайды сатууга пайдалуу болушу үчүн кайтарууну каалап жатат деп эсептейт:

«[Щуцкаянын батиринде] от жагылбаганы үчүн жылытуу системасы жараксыз абалга кептелген. Биз оңдоп көрдүк, андан кийин ага көмүр да, жылыткычтарды да сатып бергенбиз, ал эми аларга дале болсо аздык кылууда».