Караколдо эки жаштагы наристе чарчап калды — апасы бала бакчаны айыптоодо

Эки жашар бала Караколдогу №14 бала бакчасынан ооруканага жаткарылып, бир суткадан кийин жандандыруу бөлүмүндө чарчап калган. Апасы баласынын дени сак болгонун айтууда. Тарбиячылар бала пневмония менен ооруган деп эсептешет.

Баланын апасы Наргиза Абдыкадырова «Турмуш» басылмасына билдиргендей, наристесин күйөөсү бала бакчага жеткирген соң эки сааттан кийин ооруканага алып барышкан.

«Күйөөм экөөбүз беш мүнөткө жетпей оорукананын кабылдамасына барсак, балам көгала, тырмагынан бери көгала, оозу көгала, эчак эле тилин тиштеп салыптыр [...] Ошол жерден врачтар жүрөгү токтоп калыптыр дей башташты. Реанимациядан врачтар жүрөгүн иштетип алдык деп сүйүнүп чыгышты», — деп айтып берген баланын апасы.

Абдыкадырованын айтымында, анын баласы жандандыруу бөлүмүндө 29 сааттан кийин чарчап калган. Ал тарбиячыларды баланы карабай коюшкан деп айыптоодо — баланын апасынын айтымында, наристени бакчага «сопсонун абалда» жеткиришкен жана анын «дени сак болчу».

Бала бакчанын директору Аида Аракеева бала пневмония менен ооруп жүргөн жана оорусунун айынан бала бакчага көп учурда келбей калып турган деп ырастоодо.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Клооптун» кабарчысына 12-февралда Ысык-Көл облустук ооруканасында каза болгон баланын сөөгүн экспертизага жөнөтүшкөн.

«Врачтардын алдын ала версиясы боюнча, бала пневмониядан улам чарчап калган. Биз расмий корутундуну күтүп атабыз. Азырынча иш козголо элек», — деди Усубакунов.

Каракол мэриясынын социалдык коргоо бөлүмүнөн учурда баланын өлүмү фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын «Клооптун» кабарчысына кабарлашты.

«Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө сессиялары жүрүүдө, анын жыйынтыгы боюнча өлүмдүн себептери белгилүү болот», — деп белгилешти социалдык коргоо бөлүмдөн.

«Клооптун» журналисттери бала бакчанын администарциясы менен байланышка чыга алган жок — директор Аида Аракеева «ордунда жок болгон». Бирок Аракеева «Азаттык» үналгысына курган маегинде бала кадимкидей эле «кароодо болгонун» билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: