Тогуз-Тородо мал издеп кеткен эки жашоочу бир аптадан бери дайынсыз

Жалал-Абад облусундагы Бирдик айылынын эки тургуну 6-февралда мал издегени кеткен бойдон дайынсыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атчан куткаруучулары жергиликтүүлөр менен бирге издөө иштерин жүргүзүүдө.

Тогуз-Торонун Бирдик айылынын эки тургуну сегиз күндөн бери дайынсыз экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен «Клоопко» маалымдашты. Биринин жашы 42де болсо, экинчиси 29да.

ӨКМден билдиришкендей, айылдын үч атчан тургуну 6-февраль күнү Кабак кыштоосуна мал издегени кетишкен. Алты күндөн соң алардын бири айылга кайтып, эки шеригинен адашып калгандыгын айткан.

«Он кишиден турган жергиликтүүлөр 13-февралга караган түнү  издөө иштерин башташкан. 14-февралда айылдын 15 тургуну жана ӨКМнин атчан куткаруучулары издөө иштерине чыгып кетишти», — деп билдирди ӨКМден.


ТЕМА БОЮНЧА: