Кара-Сууда бут кийим жүктөлгөн унаа өрттөнүп кетти

Ош облусунун Телман айылында 15-февралга караган түнү бут кийим жүктөлгөн унаа күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күйгөн товардын суммасын эсептеп жатат.

Кара-Суунун Телман айылында бут кийим жүктөлгөн унаа 15-февралга караган түнү өрттөнүп кеткен.

Унаа Бажы кызматынын терминалындагы автотоктотмодо турган. Андан өрт түнкү саат бирлерде чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Мая Шайымкулова «Клоопко» билдирди.

«Тилсиз жоону өчүрүүгө беш бөлүм тартылган. Эки жарым саатта чектөөгө алынган тилсиз жоо он сааттан кийин толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат», — деди Шайымкулова.

Өрттүн кесепетинен жүк ташуучу унаа жана чиркегичи толук күйүп кеткен. ӨКМнин өкүлү кошумчалагандай, учурда күйгөн товардын жалпы суммасы эсептелүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: