Журналисттерди коргоо комитети Алкановага каршы кылмыш ишин токтотууга чакырды

Журналисттерди коргоо комитети Кыргызстандын бийлигин журналист Элнура Алкановага каршы кылмыш ишин токтотууга чакырды. Бишкектин чет-жакасындагы хан сарайлар шаарчасынын сатылышы боюнча иликтөөсүнөн кийин журналистке иш козголгон.

Журналисттерди коргоо коимтетинин Борбор Азия бонча координатору Нина Огнянова Алканованын дарегине айыптоолорду «саясий мүнөздүү» деп атады.

«Биз Кыргызстандын бийлигин Алкановага каршы ишти токтотууга, куугунтуктардан коркпостон жумуш кылууга ага мүмүкүнчүлүк берүүгө чакырабыз», — деп билдирди Огнянова.

Каржы полициясы 14-февралда Алкановага «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу» боюнча айып таккан. Журналистке Кыргызстандан чыгууга тыюу салынган. Ал эми Алканова өзүнө каршы ишти «жасалмаланган» деп эсептейт.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлкекеттик комитет (ЭКККМК) 18-декабрда журналистке карата банктык сырды таратуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алканова «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасындагы үйлөрдүн сатылышы боюнча материалында «Байланышкан жана биригишкен адамдардын тизмесин» көрсөткөн «БТА банктын» документтерин колдонгон.

Алканованын иликтөөсү

Журналист өз иликтөөсүндө «БТА Банктын» башкарма төрагасы Темир Рыскуловду хан сарайлар шаарчасынын ыктымал сатып алуучусу жана аны бала кезинде чогуу окуган премьер-министр Сапар Исаковдун досу деп атаган.

Алканованын маалыматтары боюнча, өкмөт башчысынын бир тууганы Капар Исаков сатык иштери жүргүзүлүп жатканда банктын жетекчилик кызматына дайындалган.

Ал эми өз кезегинде өкмөт журналисттин жүйөөлөрүн четке кагып, материал жарыяланган «Фергана» басылмасы менен Алкановадан эл алдында кечирим суроону талап кылган.

Ошондой эле, башкы прокуратура да премьер-министрдин «Идеал Хаустун» сатып алуу жана сатыкка чыгаруу ишине байланыштыгын четке каккан — башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча Рыскулов менен Исаков чогуу окушкан эмес. Маммүлк фондусунан билдиришкендей, «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасын сатууда эч кандай эреже бузуулар болгон эмес.

Бирок башкы прокуратура абалды түшүүнүү үчүн «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алканова менен «Фергана» басылмасы иликтөөдө Сапар Исаковдун бул ишке түздөн-түз тиешеси болгону жөнүндө ырастоолор жок деп билидиришип, жарыяланган материал үчүн кечирим суроодон баш тартышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: