Көчмөндөр оюну 2-сентябрда башталат

Өкмөт Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын баштала турган расмий убактысын жарыялады — спорт таймаштары 2-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, оюндардын ачылыш салтанаты 2018-жылдын 2-сентябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.

Премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын декабрында эле көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүүгө даярдана баштоого расмий старт берген.

Исаковдун айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам Кыргызстанды «жер жүзүндө адамдар көбүрөөк тааный башташкан», ал эми салттык «Көб-Бөрү» ат оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Каржы министри Адылбек Касымалиев 2017-жылдын ноябрында Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 300 млн сом бөлүнөөрүн билдирген — бул каражат акыркы мелдештерди өткөрүүгө бөлүнгөн акчадан беш эсе аз.

Бийлик экинчи оюндарга 1,5 млрд сомдон ашуун каражат кетирген — каражаттардын көпчүлүк бөлүгү Чолпон-Атадагы ат майданды курууга жана инфраструктурага жумшалган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул 2014-жылдан тарта Кыргызстанда ар эки жыл сайын өткөрүлгөн Борбор Азия элдеринин улуттук спорт оюндары боюнча эл аралык таймаштар.

Оюндарга катышуу үчүн Борбор Азия, Европа, КМШ, АКШ жана Африка өлкөлөрүнүн спортчулары келишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: