Алымбек Рахимов 2013-жылы АКШда Дүйнө чемпионатында

Алымбек Рахимов Баткенде төрөлүп, мектепте эле грек-рим күрөшү менен машыга баштаган. Ал үйлөнгөнгө чейин эки жолу Кыргызстандын чемпиону болгонго жетишкен — эми анын жубайы экөөнүн төрт баласы бар. Советтер союзу тарагандан кийин спортту жыйыштырып турууга туура келген — Рахимов үй-бүлө түптөп, бала-чакасын материалдык жактан камсыздаш үчүн толугу менен жеке ишкердикке кеткен. Ал спортко 38 жашында гана кайтып келип, пауэрлифтинг менен машыга баштаган. Баткен облусунда жашаган Рахимов дүйнө чемпиону эле болуп калбастан, чемпиондорду да тарбиялап калган.

2000-жылдардын ортосунда Рахимовго Баткен шаарынан бир нече чакырым алыстыктагы жерден үй сатып алууга мүмкүн болгон. Спортту сагынып, ал үйүнүн жанында чакан спорт зал жасап алган — ошентип ал чоңоюп келе жаткан баладары менен биргеликте машыга баштаган.

«Артымды карасам, көп нерсе өтүп кетиптир. Тарыхта кала турган нерсем баары бир жок экен. 2004-жылы, 38 жашымда ушул ой менен мен спортко кайра кайттым, — деп эстеди Рахимов. — Бул кадамым менен мен өзүмдүн эле эмес, балдарымдын дагы тарыхына өбөлгө түздүм. Мына, азыр эмгек сиңирген машыктыруучу деген наамдын талаптарын аткарып койдум. Бул дүйнөдө бир эмгек кылып койдум дей турган эле болуп атат. Бирок мунун баары 38 эмес, 20-25 жаштарымда эле келгенде».

Алымбек Рахимов өз үйүндө медалдары менен. Сүрөт: Элмурат Асан/Kloop.kg

Чемпиондордун үй-бүлөсү

Рахимов 2005 жана 2007-жылдары эки жолу пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Андан кийин эки жолу Азиянын чемпиону аталган. Азия мелдештерине даярдык көрүш керек болгондуктан спортчуга жана балдарына жергиликтүү чемпионаттардан баш тартып турууга туура келген. Андан соң дүйнө чемпионаттарына даярдак көрүү максатында Азия таймаштарынан да баш тартышкан. Рахимов 2017-жылы машыктыруучулардын арасында экипировка менен пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Уулдарынын улуусу Азамат 2015-жылы 20 жашка чейинки спортчулардын арасында дүйнөлүк рекорд коюу менен дүйнө чемпиону болгон. Анда ал тартып көтөрүү боюнча 240,5 килограмм көтөрүп, бул рекорд эки жылдан ашык сакталган. Кийинки уулу Акжол эки жолу, 2014 жана 2016-жылдары дүйнө чемпиону аталган. Ал кыргыз өспүрүм спортчуларынын арасынан чыккан алгачкы чемпион болуп эсептелет жана 59 килограммга чейинки салмактагы пауэрлифтерлердин дүйнөлүк рейтингиндеги үч балбандын бири.

Акжол (солдо) менен Азамат 2017-жылы АКШда Дүйнө чемпионатында. Сүрөт: IPF

«Биринчи убактарда медалды моюнга илип атканда өтө толкунданып жүргөм, — деп эскерди Рахимов. — Кийин балдарым чемпион болуп атканда, аларга медал илинип атканда, өзүмө медал ыйгарылып аткандай сезилип атыптыр. Өзүмө илинип атканда биринчи жолу медал алгандагыдай сезимдер пайда болбой калды. Сыйлык алып жүрө бергендиктен ага да үйрөнүп калат экенсиң».

Башында, Рахимовдун айтымында, ал уулдары менен өтө татаал шарттарда машыккан: жерге эле штанга коё турган таяктардан сайып машыгып жүргөн болсо, кышта шарттын жоктугунан машыгуулар токтоп калган.

Бирок Рахимовдордун башкы максаты машыгуу болгондуктан аларга шарттардын начар болушу тоскоол боло алган эмес.

«Бизди эң кызыктырганы — күн сайын жаңы деңгээлге чыгуу болгон. Кечээ азыраак салмак көтөрсөк, бүгүн оорураак салмак көтөргөнбүз», — дейт Рахимов. Ал түгүл өзүндө пауэрлифтинг боюнча китеби да болбогонун, баарына өз алдынча изилдеп, ыкмаларды жакшыртуунун үстүнөн иштеп жетишкенин айтат. Ошентип ал балдары менен дүйнөлүк деңгээлге чыккан.

Чемпиондорго борбор калаанын кереги жок

Анын үйүнүн жанында машыга турган кичинекей бөлмө бар. Бир көргөндө бул бөлмөдө дүйнө чемпиондору машыкканына ишене албашың мүмкүн. Полу цементтелген, шыбында тактайлар төшөлгөн, ал эми дубалдарда постерлер илинген. Кире бериште эле Акжолдун сүрөтү түшүрүлгөн чоң көрнөк көзгө урунат.

Рахимовдун машыгуу залы. Баласы Акжолдун сүрөтү дубалдын бетин толугу менен жаап турат. Сүрөт: Элмурат Асан/Kloop.kg

Залда штанга көтөрүү үчүн жана чуркоочу тренажёрлор бар. Эки уулу Америкада жашап, таймаштарга даярданып жүргөн кезде Рахимов жергиликтүү балдарды машыктырып, аларды да дүйнөлүк чемпионаттарга катыштырсам дейт. Ал бир баланын мүнөзүнө жана жөндөмүнө жараша жеке мамиле кылып машыктырууга аракет кылат.

Машыгуулар аптасына үч жолудан болот: кечки жетиден башталып, үч саатка созулат. Ал эми чемпионаттар жакындап калганда төрт ай мурун даярдык көрө башташат. Бул системаны Рахимовдор башка дүйнөлүк спортчулардан өздөштүрүшкөн.

«Күз-кыш айлары бизге машыкканга ыңгайлуу. Жаз-жай мезгилдеринде күн ысып кетет, башка жумуштар менен болуп жетише албай калабыз. Сентябрдан тарта күн салкындап, жумуш азайып, машыгууга убакыт көбүрөөк пайда болот», — деди Алымбек Рахимов.

Анын пикиринде, спортто режимди сактап, ар тараптан өзүнө тыюу салып, жылдар бою эркин тарбиялап жүргөн балдар өздөрү эле чоң баатыр. Туура машыгуу үчүн бир эле талапты аткарбай койсо, спортчу баарынан кол жууйт деп түшүндүрдү чемпион.

Учурда Рахимовдун кол алдында үч бала машыгат. Алымбек алар да өз балдарына окшоп дүйнө чемпиондугуна чейин жетишет деп үмүттөнөт. Сүрөт: Элмурат Асан/Kloop.kg

«Менин көп жылдык тажрыйбам менен ушул деңгээлге жеттик. Ошол тажрыйбам менен Баткенде туруп эле чемпион болуп атабыз. Бишкекке барып, чемпион болом деген менен Бишкекте ким эле чемпион болуп атыптыр? Канчалаган заңгыраган залдар турат. Ошол жерде машыккандардан азырынча мындай жыйынтык эч ким көрсөтө элек», — дейт Рахимов. Ал спорттогу карьерасын баштаган кезде пауэрлифтинг боюнча машыктыруучу жок болгону жакшы болгон экен деп эсептейт. Ошондуктан ал өз машыгуу ыкмасын иштеп чыгып, натыйжада ал өзүн эле эмес, уулдарын да дүйнө чемпиондугуна чейин жеткирген.

Рахимов спорт менен машыгуу үчүн Бишкекке караганда Баткендеги шарттар кайра жакшыраак деп ишенет. Себеби бул жерде өсүп аткан балдардын көңүлүн буруп, алаксыта турган нерселер азыраак.

«Эгерде мен Бишкекке баргым келгенде өзүм жолун таап, ошол жакка барып алмакмын, бирок бизге машыгуу үчүн ушул жер ыңгайлуу, — деп айтып берди Рахимов. — Виза алыш үчүн Бишкекке барып, 2-3 күн туруп калганга туура келет. Айтор, Бишкекке барып келгендин чыгашасы көп».