Кара-Сууда жеңил машина оодарылып кетип бир жүргүнчү жеринде мүрт кетти

Оштун Кара-Суу районунда чоң жолдо тайгаланып барып, оодарылып кеткен Daewoo Tico унаасындагы 24 жаштагы жүргүнчү кыз жеринде каза болду. Жараат алып облустук ооруканага түшкөн 23 жаштагы эки жигиттин абалы орто.

Кара-Суунун Нариман айылында 15-февраль күнү кечки саат сегиздерде Daewoo Tico унаасы оодарылып кеткен.

Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Теңизбаев «Клоопко» маалымдагандай, кырсыкка жолдун тайгактыгы себеп болгон.

«23 жаштагы жаран автомобилди башкарып, ичинде үч киши бараткан. “Камбар-Ата” эс алуу жайынын жанына жеткенде унаа тайгаланып, башкаруудан чыгып, электр мамычасын сүзүп алган», — деди Теңизбаев.

Ал кошумчалагандай, кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы жүргүнчү кыз каза тапкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» билдиргендей, жол кырсыгында жаракат алган 23 жаштагы эки жигит Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Алардын бири баш мээсинен жабыркап, экинчисинин кабыргасы сынган. Айгерчинова учурда бейтаптардын абалы орто экенин кошумчалады.


ТЕМА БОЮНЧА: