Маданият министрлиги коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга калпактарды импорттоого чектөө салууну сунуштады

Маданият министрлиги «сапаты жок синтетикалык материалдардан жасалган» калпактар Кыргызстанга киргизилип жатканы үчүн чектөө киргизүүнү сунуш кылды.

Маданият министрлиги коңшу өлкөлөрдөн калпактарды киргизүүгө чектөө салууну сунуштаган мыйзам долбоорун 15-февралда коомдук талкууга чыгарды.

Министрлик мындай чара Кыргызстанга «сапатсыз товар келип», «чет элдик коноктордун нукура ак калпакты кабылдоосуна терс таасирин» тийгизип атканы үчүн керек деп эсептейт.

Маданият министрлигинде мекеме кайсыл өлкөлөргө калпактарды киргизүүгө тыюу салууну сунуштап жатканын тактап беришкен жок.

Парламенттин депутаттары калпакка байланыштуу мыйзам долбоорун январдын башында эле сунуштап жатышкан — эл өкүлдөрү улуттук баш кийимге маданий символ макамын берүүнү көздөшкөн.

Учурда бул мыйзам долбоору коммдук талкууда — эгерде ал кабыл алынса, анда өлкөнүн расмий адамдары эл аралык иш-чараларда калпак кийип жүрүүгө милдеттүү болуп калышат.

Ошондой эле, мыйзам долбоору эгерде калпак «өз багыты боюнча» колдонулбаса жазага тартууну шарттайт.


ТЕМА БОЮНЧА: