Улуттук банк «Билайн» жана «Мегакомдун» мобилдик капчыктарынын ишин чектеди  

Улуттук банк «Билайн» жана «Мегаком» байланыш операторлоруна электрондук капчыкты телефондун эсебинен толтурууга тыюу салды, бирок бул чектөө эки сааттан кийин алынды.

Маалымат саат 19:06да жаңыртылды

Байланыш операторлор ассоциациясынын башчысы Айбек Күрөңкеев «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, «Доскредобанкка» Улуттук банк менен келишүүгө мүмкүн болгон. 

«Улуттук банк "Доскредобанкка" электрондук капчыктардын ишин штаттык тартипте жандантууга уруксат берген. Бүгүн саат 16:00дөн тарта "Мегаком" менен "Билайндын" капчыктары карадан иштей баштады», — сказал Куренкеев

Анын айтымында, ишти жандантуу уруксаты банктын электрондук капчыктар боюнча чечимди расмий жарыялашына чейин гана күчүндө болот. Бирок Күрөңкеев азырынча расмий чечим тагыраак качан чыгаарын билбейт.

«Билайн» компаниясынын басма сөз кызматынан «Спутник» басылмасына билдиришкендей, Улуттук банк эки байланыш опертору тең кызматташкан «Дос-Кредобанкка» электрондук капчыктарды абонеттин телефонунун эсебинен толтуруу токтотулганы боюнча көрсөтмө берген.  

«Мындай көрүнүш мобилдик капчыктарды өнүктүрүү жолундагы бөгөт болуп саналат. Эми бул капчыктарга каражатты бир гана банктан салууга болот. Улуттук банктын Balance.kg менен MegaPay капчыктарына тыюу салып, бирок О!Деньги капчыгына уруксат бергени таң калтырат», — деп билдирген «Спутник» басылмасына басма сөз кызматтын өкүлү.

Байланыш операторлор ассоциациясынын башчысы Айбек Күрөңкеев «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, «Билайн» жана «Мегакомдун» мобилдик капчыктары «чектелген функционалда иштей берет».    

«Аларды азырынча абонеттин телефонунун эсебинен толуктоого мүмкүн эмес, банкка баруу керек болот. Үчүнчү капчыкты ("О! Деньги") телефондун эсебинен толуктоого болот», — деди ал.

Анын айтымында, «О!» компаниясынын капчыгы иштейт, анткени байланыш оператору башка финансылык компания «Грин Телеком Сервис» менен кызматташат.  

Улуттук банктан «Клооптун» кабарчысына кийинчерээк расмий билдирээрин убада кылышты.


ТЕМА БОЮНЧА: