Башкы прокуратура коррупция боюнча жабык иштерди кайрадан карап чыгат

Башкы прокуратура кызматтык кылмыштар менен коррупция иштери боюнча токтотулган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгат. Бул туурасында президент прокуратураны коррупция менен натыйжасыз күрөшүү үчүн сынга алгандан кийин маалымдалды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей,  башкы көзөмөл орган күч түзүмдөрүн кыскартылган жана токтотулган кылмыш иштерин, кайрадан карап чыгуу үчүн аларга берүүнү суранган.

Мындай чечим кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун текшерүүнү көздөйт. Эгерде текшерүү учурунда «тергөөнү негизсиз создуктуруу» же башка бузуулар аныкталса, анда жооптуларга карата кылмыш иштери козголот.

«Кылмыш иштерине байланыштуу негизсиз жана мыйзамсыз процессуалдык чечим чыгаруунун мыйзамдуулугун бузууга жол берген тергөө бөлүмүндөгү кызмат адамдарына жоокерчилик маселесин принципиалдуу түрдө коюу боюнча прокурорлорго айтылды», — делет Башкы прокуратуранын маалыматында.

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарынын жетекчилерин катуу сынга алган. Президент аларды коррупцияга каршы натыйжасыз күрөшкөндүгү үчүн айыптаган. Жээнбековдун айтымында, укук коргоочулар өздөрү «коррупцияга малынып калышкан».

Президенттин айтымында, башкы прокуратура коррупция менен «натыйжалуу» күрөшө албайт, анткени мамлекеттик органдарда коррупцияны алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет жок.

«Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп. Мамлекеттик органдардан жана айыл өкмөттөрдөн текшерүүчү органдар тарабынан бирин-бири кайталаган текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканы тууралуу көптөгөн арыздар мага келүүдө. Аларды токтотуу, көзөмөлгө алуу прокуратурага жүктөлгөн», — деп билдирген Жээнбеков.

Анын айтымында, 2016-жылы прокуратура сегиз миңден ашуун текшерүү жүргүзүп, анын 8 пайызы боюнча гана кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: