Кара-Суу: тойдо шербет ичип ууланган наристе чарчап калды

Ош облусунун Кара-Суу районунда тойдо шербет ичип ууланган эки жарым жашар наристе каза тапты. Бир апта мурун ондон ашуун киши тойдо тамак-ашка ууланып ооруканага түшкөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 19-февралда Кара-Сууда тамак-ашка ууланган эки жарым жашар наристенин чарчап калганын «Клоопко» ырастады.

«Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эки наристе оор абалда жаткан. Алардын бирөөсү 17-февралда чарчап калган», — деди Айгерчинова.

Айгерчинова кошумчалагандай, учурда облустук балдар ооруканасында төрт жаш бала дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын абалы орто деп бааланууда.

Ал эми Кара-Суу райондук ооруканасында тамак-ашка ууланган сегиз аял киши дарыланууда. Бейтаптардын абалы туруктуу.

Присавай айылында 12-февралда 17 киши тойдогу консерваланган өрүк шербетинен ууланып, Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылган. Кайрылгандардын ичинен үчөөсү дарыгердин текшерүүсүнөн өткөн соң, кайра үйүнө кеткен.

Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, алардын арасынан сегиз келин райондук ооруканага, алты жаш бала Ош облустук балдар ооруканасына жаткырылган — эки наристенин абалы оорлошуп бейтапканадан жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Бейтаптар 11-февраль күнү туугандарынын бешик тоюна барып, эртеси күнү уулануу белгилери менен Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылышкан. Оорукананын дарыгери кайрылгандар өрүк шербетинен ууланганын «Клоопко» билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: