Өкмөт Бишкек ЖЭБиндеги аварияга күнөөлүүлөргө карата «катаал чараларды» көрөт

Аскарбек Шадиев

Вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын келип чыгышын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында билдиргендей, өкмөттө аварияга күнөөлүүлөргө «катаал чаралар» көрүлөт.

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин иликтеп жаткан ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны 19-февралда болду. Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев өкмөт январдын аягында ЖЭБдеги авария үчүн жооптулаарды жазага тартууну убада кылган.

«Биз аварияга күнөөлүү болгондорго карата катаал чараларды көрөбүз. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында, административдик жана техникалык кызматчылардын ишинде каталар жана туура эмес аракеттердин, ошондой эле, жабдыктардын иштөөсүндө бузулуулар орун алгандыгы үчүн авария болгону белгилүү болду», — деп келтирди «Кактус» басылмасы Шадиевдин айткандарын.

Ошондой эле, биринчи вице-премьер-министр убада кылгандай, авария болгон ЖЭБдин эски блогунун имаратын оңдоо жана жылуулоо пландалууда.

«1-июлдан тарта цехтердеги насосторду жана өрткө каршы системаны алмаштыруу пландалууда. Биз бул убакытка чейин каражат табышыбыз керек. Мындан тышкары, ЖЭБдин имаратын жылуулоону көздөп атабыз. Ал үчүн каражат бар», — деди Шадиев.

Бишкек жылуулук борборунун мурдагы директору Лев Васильев маалымдагандай, станцияда авария каржылоо жетишсиз болгону үчүн чыккан.

«Көптөгөн жылдар бою керектүү өлчөмдөгү жумуштар аткарылбай келген. Жыл сайын оңдоого 700 млн сом талап кылынган, бирок эки эсе аз бөлүнгөн. Каражат жетишсиз болгон шартта иштөө авариянын чыгышына алып келген», — деп маалымдаган Васильев «24.kg» басылмасына.

Ал учурдагы тарифтерди «чыгашалуу» деп атап, аларды акырындык менен көтөрүүнү сунуштады.

«Менимче, кимдир бирөөнү күнөөлөө майнапсыз, тарифтерди дароо көтөрүү чечимин болтурбоо жакшы жашоодон улам келип чыккан жок деп ойлойм . Бул маселеге кайтып келиш керек. Бир ык менен тарифтердин керектүү деңгээлине чыга албайсың, тарифтерге кошулуулар генерацияга багытталып турушу үчүн тепкичтүү кылыш керек», — деп келтирди «Тазабек» басылмасы Васильевдин айткандарын.

ЖЭБдеги авария боюнча депутаттык комиссия 14-февралда иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялаган. Комиссиянын мүчөлөрү авария ишкананын кызматкерлеринин мүчүлүштүктү жоюу боюнча макулдашылбаган аракеттеринен, жабдыктардын жана имараттардын суукка даяр эместигинен улам болгон деген жыйытыкка келишкен.

Жэбдин директору Андрей Воропаев 16-февралда авария болгон күнү станциянын начальниги «кырдаалды өз убактысында колго ала албай» калган деп билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: