ТИМ: Ирандагы авиакырсыкта набыт болгон кыргызстандыктар жок

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен (ТИМ) кабарлашкандай, Ирандын борбордук бөлүгүндөгү авиакырсыктын натыйжасында каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Анда 66 адам кыйроонун курмандыгы болгон.

ATR 72 үлгүсүндөгү учак 18-февралда Ирандындын Исфахан провинциясында кыйроого учураган — ал Тегерандан Ясудж шаарына учуп бара жаткан Aseman Airlines авиакомпаниясына таандык учак болгон.

Кыйронун натыйжасында экипаждын бардык 6 мүчөсү жана 60 жүргүнчү набыт болушкан. ЖМКлардын маалыматы боюнча, учак 400 метрден ашуун бийиктиктеги Дена тоосуна кулаган — катаал аба ырайы адамдарды издөөгө тоскоол жаратууда.


ТЕМА БОЮНЧА: