Видео: Нарында дарыкананы карактоого аракет кылган жигит кармалды

Нарын шаарында милиция дарыкананы карактоого шектелген 19 жаштагы бишкектик баланы кармады. Камера беткапчан бала дарыканага кирип, акчаны алгандан кийин чыгып бара жатканда купюраларды жерге чачып алганын жаздырып калган.

Нарын милициясынан «Турмуш» басылмасына кабарлашкандай, окуя 18-февраль күнү кечинде болгон. «Неман» даарыканасына беткапчан бала кирип, кардар менен сатуучуга кол салган. Аялдар бөлмөлөрдүн бирине жашынып алып, милиция чакырышкан.

Ошол учурда кармалган бала кассадагы акчаларды алып, качууга аракет кылган.

Бирок, кетип бара жаткан жеринен акчалар жерге чачылып, андан кийин бала аларды жыйнай баштаган. Каракчы акчаларды бир нече секунд жыйнап, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.

Милиция шектүүнү колго түшүргөндө, ал 19 жаштагы Бишкектин тургуну экени аныкталган. Ага каршы «Карактоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Дарыкана ээлери келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн 6 миң сом деп баалашты.