Журналист Алканова «банктык сырды таратуу» үчүн беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Көз карандысыз журналист Элнура Алканова иликтөөдө. Сүрөт: Kloop.kg

Журналист Элнура Алкановага каршы «маалыматты мыйзамсыз алуу» жана «банктык жашыруун сырды таратуу» беренелери боюнча иш жүргүзүлүүдө. Эгерде аны күнөөлүү деп табышса, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми Алканова өзү кылмыш ишти «жасалмаланган» деп атоодо.

Алканова «Клооптун» кабарчысына «банктык жашыруун сырды таратуу» беренеси боюнча ал үч жылга, ал эми «маалыматты мыйзамсыз алуу» беренесине ылайык, эки жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн экенин айтып берди.

«Жалпы-жонунан айтканда, бардык кылмыш иштери жасалмаланган, анткени иштин материалында бул документ банктык сыр деп эсептелингенин тастыктаган экспертиза жок. Тагыраак айтканда, каржы полициясы кандайдыр бир негиздер жок эле документти коммерциялык сыр деп эсептеген. Иштин материалында айкындуулук жок жана көптөгөн кенемтелер бар», — деди ал.

Алкановага 13-февралда айып тагылган. Тергөөчүлөр ага Бишкектен чыгууга тыюу салышкан. Алканова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (ЭКККМК), ага каршы кылмыш ишин сотко өткөрүп бергенин кошумчалады.

Каржы полициясы 18-декабрда журналистке карата банктык сырды таратуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алканова «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасындагы үйлөрдүн сатылышы боюнча иликтөөсүндө «Байланышкан жана биригишкен адамдардын тизмесин» көрсөткөн «БТА банктын» документтерин колдонгон.

Алканованын иликтөөсү

Журналист өз иликтөөсүндө «БТА Банктын» башкарма төрагасы Темир Рыскуловду хан сарайлар шаарчасынын ыктымал сатып алуучусу жана аны бала кезинде чогуу окуган премьер-министр Сапар Исаковдун досу деп атаган.

Алканованын маалыматтары боюнча, өкмөт башчысынын бир тууганы Капар Исаков сатык иштери жүргүзүлүп жатканда банктын жетекчилик кызматына дайындалган.

Ал эми өз кезегинде өкмөт журналисттин жүйөөлөрүн четке кагып, материал жарыяланган «Фергана» басылмасы менен Алкановадан эл алдында кечирим суроону талап кылган.

Ошондой эле, башкы прокуратура да премьер-министрдин «Идеал Хаустун» сатып алуу жана сатыкка чыгаруу ишине байланыштыгын четке каккан — башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча Рыскулов менен Исаков чогуу окушкан эмес. Маммүлк фондусунан билдиришкендей, «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасын сатууда эч кандай эреже бузуулар болгон эмес.

Бирок башкы прокуратура абалды түшүүнүү үчүн «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алканова менен «Фергана» басылмасы иликтөөдө Сапар Исаковдун бул ишке түздөн-түз тиешеси болгону жөнүндө ырастоолор жок деп билидиришип, жарыяланган материал үчүн кечирим суроодон баш тартышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: