АКШ: Мектеп окуучулары Ак үй алдында курал жүгүртүү көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылышты

Ак үйдүн алдына жатып алышкан мектеп окуучулары. Сүрөт: Getty Images

Ондогон мектеп окуучулары менен мугалимдер Вашингтондогу Ак үйдүн имаратына келип, бийликтен өлкөдө курал-жарактардын жүгүртүүсүн көзөмөлдөөнү күчөтүүнү талап кылып кылышты.

«Би-Би-Си» басылмасы билдиргендей, митингдин уюштуруучулары мектеп окуучулары Элеанор Нехтерлайн жана Уитни Боуэн. Башында кыздар 17 адамды чогултууну пландашкан, бирок боло турчу акция жөнүндө маалымат коомдук тармактар арыкылуу жайылып кетип, Ак үйдүн алдына ондогон адамдар келишкен.

Митингчилердин жарымы бийликке карата чакырыктар жазылган плакаттарды кармап турушту. Анда «Мен кийинкисиминби?», «Бизде мыйзамдарды Конгресс чыгарабы же Улуттук аткычтар ассоциациясыбы?» деп жазылган.

Башка катышуучулар Ак үйдүн алдындагы жанжолго жатып алышкан — алар мындай көрүнүш аркылуу Флоридадагы мектепке кол салуунун натыйжасында каза тапкандарды сүрөттөгүлөрү келишкен.

Бирок, курал-жарактарга каршы чыккандар менен кошо Ак үйдүн имаратына АКШнын Улуттук аткычтар ассоциациясынын тарапкерлери да келишкен. Ассоциация мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн мугалимдерди куралдандыруу идеясы үчүн чыгышкан.

АКШнын президенти Доналд Трамп 19-февралда бийлик курал сатып алып жаткандардын өмүр таржымалын текшерип жана көзөмөл системасын жакшыртуусу керек деп билдирген.

Учурда өкмөт жаңы мыйзам долбоорун белендеп жатат, бирок анда курал сатып алууга эч кандай жаңы чектөөлөр киргизилбегени менен сатып алуучуну дыкат текшерүү эрежелери жазылган.

14-февралда Флорида штатындагы Паркленд шаарынын орто мектебинде 19 жаштагы Николас Круз мугалимдер менен окуучуларга ок чыгарган. Үч мүнөттүн ичинде Круз 17 адамды өлтүрүп, дагы 15 адамды жарадар кылган.

Бул окуя 2017-жылдан тарта курмандыктардын саны боюнча эң эле кандуу болуп калды — анда Ньютаун шаарындагы «Сэнди Хук» баштылгыч мектебине кол салууда 27 адам, анын ичинде 20 өспүрүм набыт болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: