Экс-прокурор Кадыралиевге «мүлкүн тарттырган» ишкерлер президентке кайрылды

Ош шаарынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиевге «үйүн жана бизнесин тарттырганын» айткан ишкерлер өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Кадыралиев ишкерлер жалган маалымат таратып атат деп эсептейт.

Ош облусунун тургундары Мирлан Жолдошев жана Абдимитали Бекташов экс-прокурор Кадыралиев алардын мүлктөрүн «карактап алгандыгын» билдиришти.

Өзгөн районунун тургуну Абдимитали Бекташов 3 гектар алма багын Кадыралиев тартып алганын айтууда. Бекташовдун айтымында, 2005-жылдан бери «Кадыралиевдин балдары аны коркутуп» жүрүп, 13 жылдан кийин «жасалма документтер» менен анын алма багын тартып алышкан.

«Кадыралиевдин балдары 2005-жылдан тарта алма багыма келип, кулак жагыма тапанча такап, атка сүйрөтүп коркутуп келген. Өзгөн районунун, Ош облусунун прокуратурасына кайрылсам, жыйынтык болгон эмес. Бишкекке барып Башкы прокуратурага арыз жазганымдан кийин 2014-жылы менден кечирим сурашкан. Бирок, Кадыралиевдин адамдары 2018-жылдын 1-февралынан баштап жеримди ээлеп алышты», — деп билдирди Бекташов.

Бекташов укук коргоо органдарына кайрылганы менен жыйынтык чыкпай жатканын айтат. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков сот органдарын сындап чыккандан кийин ишкер президенттен үмүт артып, жардам сурап атканын билдирди.

Тема боюнча: Жээнбеков соттор менен прокуратураны сынга алды

Экс-прокурордон жабыр тартканын айтып, Ош шаарынын тургуну Мирлан Жолдошев да өлкө башчысына кайрылды. Жолдошевдин айтуусунда, Кадыралиев анын «кафесин жана турак-жайын мыйзамсыз менчиктештирип алган».

«2013-жылы Навои көчөсүндөгү "Улан" кафемди Канжар Кадыралиевге ижарага бергем. Аренданын эсебинен мага жер берген. Мен ал тилкеге үй салгам. Үч айдан кийин Кадыралиевге үйүмдү да, кафемди да тарттырып койдум. Ал документтерди жасалмалап, үйүмдөн кууп чыкты», — деп билдирди Жолдошев.

Жолдошев Кадыралиев «сотторду сатып алып жатканын», мындан улам соттордон да ишенич кетип, президенттен акыйкат судьяны дайындоону суранганын айтууда.

«Кадыралиев Ошто сотторду сатып алат деп, сот иштери Бишкекте каралышына жетишсем, ал жакта беш судьяны сатып алыптыр. Беш жабырлануучу бар. Кадыралиев баарыбызды алдамчыга чыгарууда. Айла жоктон президент Сооронбай Шариповичке кайрылып жатам. Балдарым менен көчөдө калдым. Жалгыз үмүтүбүз азыр президент болуп жатат. Кадыралиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сот иштери башталганда башка дагы жабырлануучулар ачыкка чыгышмак», —  деди ишкер.

Ош шаарынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиев ага тагылган айыптоолорго макул эместигин «Клоопко» билдирди.

«Кантип документ жасатып алайын? Жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопко да тартылышпайт экен. Бир жылга кафени арендага 52 миң долларга береби? Ошол жерде ижарага берилсе же сатылса, келишим түзүлүшү керек эле да», — деди Кадыралиев.

Кадыралиевге козголгон иш

Буга чейин Башкы прокуратура 2014-жылы Кадыралиевге каршы «Бейбаштык», «Опузалоо» жана «Өзүм билемдик» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Ошондой эле, ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген.

Мурдагы аткаминерге Ош облусундагы жеке ишкерлердин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Жабыр тарткандардын арасында куралдуу карактоого кабылганын, 27 жылкысын, кафесин, 3 гектар багын тарттырып ийгенин айткан 4-5 ишкер бар.

Кадыралиевге карата козголгон кылмыш иши 2016-жылдын ноябрь айынан баштап Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда каралууда.

Канжар Кадыралиев — КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы эл өкүлү болгон Ыргал Кадыралиеванын бир тууган иниси.


ТЕМА БОЮНЧА: