Кырнетте «орусча сүйлөгөндөргө кыргызча жооп берүү» чакырыктары. УКМК бул акцияны изилдеп жатат? Деги эмне болуп атат?

Коомдук тармактардын кыргыз сегментинде өлкөдө кыргыз тилинде гана сүйлөө керектиги жөнүндө, ал эми орус тилинде сүйлөгөндөргө кыргызча жооп берүүгө чакырган посттор талкууга алына баштады. Эң популярдуу постту 3600дөн ашуун колдонуучу бөлүшкөн. Акцияны колдоп жаткан колдонуучулар менен кошо сынга алгандар да бар. Ал эми атайын кызматтар аны «изилдемекчи» болууда. Деги эмне болуп жатат?

Өзү эмне болду?

Мессенджерлер менен коомдук тармактарда кыргызстандыктарды бир гана кыргыз тилинде сүйлөп, ал эми орус тилдүүлөргө кыргызча жооп берүүгө үндөгөн чакырык жайылууда.

«Кыргызстандын бардык шаарларында, дүкөндөрүндө болсун, автобус, маршруткада, көчөдө орусча сүйлөгөндөргө кыргызча жооп берүү башталды. Кандай улут болбосун кыргызча жооп кайтарышыбыз керек. Сатуучу кыргызча сүйлөбөсө ал жерден соода кылуудан баш тартабыз», — деп айтылат анда.

Бул пост өзгөчө фэйсбукта ырчы, төкмө акын жана Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадырдын барагында популярдуу болгон. Ал бул постту 18-февралда жарыялап, аны 3600дөн ашуун колдонуучу бөлүшкөн. Биздин материал жарыяланаар алдында акын постту өчүрүп салганы белгилүү болду.

Жумакадыр — бул акциянын авторубу?

Жок, бирок айрым кыргыз ЖМКлары аны автор катары көрсөтүшкөн.

Жеңишбек Жумакадырга чейин бул постту Улуттук Кызыкчылык аттуу колдонуучу «What’s Appтан келди» деген түшүндүрүү менен өз барагына жайгаштырган.

Ал эми артист өзү «Азаттык» үналгысына курган маегинде, ал посттун автору эмес экенин жана бул кабарды WhatsApp мессенжери аркылуу алганын айткан — кимден экени белгисиз. Бирок акын посттун идеясын колдой турганын кошумчалады.

«Бул мага WhatsApp аркылуу келген. Аны мен өзүмдүн Facebook баракчама “Дешти:” деп колдогон катары жарыялап койгом. Кыргыз тилине күйгөндөр колдошту. Мага эч ким чалган жок. Мен “башка тилде сүйлөбөгүлө, билбегиле” деген жерим жок. Кыргыз жигиттеринин тилге күйгөндөгү абалын колдоп койдум. Мындай темалар жылдап-жылдап эле эл алдында айтылып келе жатпайбы», — деген ал.

Жеңишбек Жумакадыр

Мындай пост мыйзам бузуу болуп эсептелеби?

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев бул пост орус тилдүү жарандардын конституциялык укуктарын бузууга үндөйт жана кыргызстандыктар Жумакадырдын үстүнөн сотко бере алышат деп эсептейт.

Кылмыш-Жаза кодексинин «Жарандардын тең укуктуулугун бузуу» 134-беренесине ылайык, акынга 5 миң соп айыппул салынып же эки жылдык түзөтүү иштерине тартылышы мүмкүн.

Юрист артистке укук коргоо органдары кызыгып, аны кастыкты козутууга айыпташы да мүмкүндүгүн жашырган жок.

«Расмий тил Конституцияда бекитилген, мамлекеттин коргоосунда, расмий тилди турмуш-тиричилигинде колдонуу конституциялык укук болуп эсептелет. Мындай укукту чектөө тең укуктуулук принцибин бузат», — деп түшүндүрдү Эралиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жумакадырдын постун «изилдөөдө» — бул боюнча «Клоопко» басма сөз катчы Рахат Сулайманов билдирди. Ал бул пост атайын кызматты эмнеси менен кызыктырганын тактап берген жок.