Баткенде 5 млн сомдук «мыйзамсыз» жүк кармалды

Баткен облусунда зире майын, дарбыз уругун жана май куйуучу түтүктөрдү Кыргызстанга «мыйзамсыз» ташып кирген айдоочу кармалды.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмүнөн «Клоопко» кабарлашкандай, 17-февралда Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу токтотулган.

Автоунааны тешкерүү учурунда, анын айдоочусу жалпы суммасы 5 млн 200 миң сомду түзгөн товарды бажы көзөмөлүсүз ЕАЭБдин аймагына киргизип баратканы аныкталган.

«"Түштүк" бажысынын кызматкерлери спринтердин ичинде тийиштүү документтери жок Пакистан өлкөсүнө таандык кара зире майын, АКШда өндүрүлгөн дарбыз уругун, Түркияга чыгарылган май куйуучу түтүктөрдү табышкан», — деп маалымдашты бажы кызматынан.

Маалыматка ылайык, кармалган айдоочу жүктү Тажикстандан «мыйзамсыз» ташып кирген. 

Иштин материалдарын Ош облустук прокуратурасы иликтөөдө.


ТЕМА БОЮНЧА: