Камактагы оппозиционерлер Карыбеков жана Кадыров ачкачылык кармоону убактылуу токтотушту

Камактагы оппозиционерлер Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров дарыгерлер менен кеңешкенден кийин ачкачылык кармоону убактылуу токтотууну чечишти. Дагы бир саясатчы Бектур Асанов ачкачылыкты уланттууда.

Камактагы саясатчылардын адвокаты Марс Кыдыкбаев «Азаттык» үналгысына кабарлагандай, оппозициячыл саясатчылар врачтардын кеңеши боюнча ачкачылык кармоону токтото турууну чечишкен.

«Дарыгерлер “ден соолугуңар өтө зыян тартты, өлүп калышыңар мүмкүн” деп ачык эле айтышыптыр, ошону эске алышты. Анан Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Каныбек Иманалиев аларга кирип, “ачкачылыкты токтоткула” деп суранышпады беле, ошолордун, саясий-коомдук ишмерлердин, эл-журттун өтүнүчтөрүн эске алып Карыбеков менен Кадыров ачкачылыгын бүгүн убактылуу токтотту», — деди Кыдыкбаев.

Адвокат саясатчылар эгерде камалгандардын ишин карап жаткан Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечимине макул болушпаса, ачкачылык кармоону уланта алышаарын кошумчалады.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Александр Никсдорф «Клооптун» кабарчысына курган маегинде, Бектур Асанов ачкачылык кармоону улантып жатканын билдирген.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы 20-февралда соттолгондор «кургак ачкачылыкты» токтотуп, суу иче башташканын маалымдаган.

Буга чейин 2017-жылдын 17-апрелинде Биринчи май райондук сот «бийликти басып алуу аракети» боюнча оппозиционерлер Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест Карыбековду күнөөлүү деп тапкан.

Асанов менен Кадыров мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 12 жылга эрктеринен ажыратылган, ал эми Карыбеков 20 жыл абак мөөнөтүнө кесилген.

2018-жылдын январынын аягында сотттолгон саясатчылар ачкачылык жарыялашкан. Алар УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев соттун чечимине таасир эткен деп эсептешип, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

14-февралда соттолгон саясатчылардын тарапташтары менен жакындары Жогорку Кеңештин имаратынын алдында каршылык акциясын өткөрүшкөн.

Алар бийликтин оппозиционерлер менен укук коргоочуларга каршы куугунтугун токтотууну, мындан тышкары, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбавдин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Бирок бийлик тарабынан эч кандай реакция болгон эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: