Ноокенде кафеден чыккан өрттөн төрт адам жабыркады

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы кафенин ашканасынан өрт чыгып, жарат алган төрт киши ооруканага жаткырылды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков «Клоопко» билдиргендей, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы «Азия» кафесинде 20-февраль күнү түштөн кийин өрт чыгып, андан жабыркаган төрт адам ооруканага жаткырылган.

«Алдын ала маалыматка караганда, кафенин ичиндеги нан бышыруучу бөлмөдөн газ чыккан. Белгисиз себептерден улам, өрт тутанып "Азия" кафесинин үч кызматкери жана бир адам денелеринен жаракат алышкан», — деди Турдубеков.

Кырсыктан жабыркап, Кочкор-Ата шаарынын бейтапканасына жаткырылгандардын абалы «канааттандыраарлык» экенин Өзгөчө кырдалдар министрлигинин маалымат кызматынан «Клоопко» кабарлашты.

Турдубеков кошумчалагандай, Ноокен районунун ички иштер башкармалыгы кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөөгө алды.


ТЕМА БОЮНЧА: