Салянова парламент менен коштошту, бирок, БШК аны мандаттан ажырата элек

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова парламенттин алдында коштошуу сөзү менен чыкты. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Салянованы дагы деле депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратуу боюнча маселени карап жатат.

Салянова 21-февралда парламенттин жыйынында депуттаттарга кызматташтык жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, андан кийин алар менен коштошту. Ал акыркы сөзүндө өзүнө каршы кылмыш процессин дагы бир жолу «саясий мүнөздүү» деп атады.

«Менин кабыл алына элек мыйзам долбоорлорум калды, силерден келечекте аны колдоого суранам. Мен болгону эки жыл эле депутат болдум, бирок, бул мен үчүн абдан чоң тажрыйба, мен ар бириңерге ыраазымын», — деп келтирди Салянованын айткандарын «Кактус» басылмасы.  

Боршайкомдон «Клооптун» кабарчысына Салянованы мандаттан ажыратуу боюнча маселени комиссия карап жатканын билдиришти. Аларга Бишкек шаардык сотунун Саляновага карата айыптоо өкүмү менен документтер келип түшкөн.   

Бишкек шаардык соту 7-февралда Саляновага карата мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырган — анын жаза өтөө мөөнөтүн кызы 14 жашка чыкмайынча, 2029-жылга чейин жылдырып, мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерип, беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарышкан.

Салянова бул чечимди Жогорку сотто даттанаарын, ал эми анын юристтери соттогу эреже бузуулар жөнүндө билдиришкенжарыш сөз учурунда Салянова да, адвокаттар да өз сөздөрүн аягына чыгара алышпай калган.

Аида Салянованын иши

Башкы прокуратура Аида Саляновага каршы кылмыш ишин 2016-жылдын декабрында «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча козгогон.

Мамлекеттик айыптоонун версиясы боюнча, Салянова юстиция министри болуп турганда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевдин лицензиясын «мыйзамсыз» узартып берген.

Депутат бул айыптоолор саясий мүнөзгө ээ деп эсептейт — 2016-жылы Салянова Атамбаев сунуштаган Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы депутатты «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот Саляновага мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок, ага баласы 14 жашка чыккандан кийин жаза мөөнөтүн өтөп баштоого уруксат берилген.


ТЕМА БОЮНЧА: