Видео: Патрулчу кызматтык унаада тогуз жашар баланы сүзүп алды

Ош облусунун Ноокат районунда 20-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкери жол тилкесине чыга калган 2-класстын окуучусун сүзүп алды. Жабыркаган баланын абалы «жакшы» деп кабарланууда.

Интернетке 20-февраль күнү кечинде, милиционер кызматтык унаада 9 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп кеткени тартылган видео жарыяланган. Видеодон жабыркаган окуучу ыйлап, окуяга күбө болгондор милиция кызматкерине «окуучуну бейтапканага жеткир» деп талап кылышканын көрүүгө болот.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клооптун» кабарчысына окуя 20-февраль күнү болжолдуу саат 16:30да болгонун тастыктады.

«Ноокат райондук ЖКККББнын кызматкери жөө кыя жок жерден жол тилкесине кокусунан чыга калган 2-класстын окуучусун сүзүп алган», — деп билдирди Аширбаев.

Жол кырсыгы болгондон кийин кечке маал ИИМнин кызматкерлери баладан кабар алуу үчүн үйүнө барышып, андан соң анын саламаттыгын текшертүү максатында ооруканага алып барышкан.

Аширбаев врачтар окуучунун тизеси сыйрылганын жана анын абалы «жакшы» деп айтышканын кошумчалады.

Окуя болгондон бир күн өтүп, коомдук тармактарда ИИМдин өкүлдөрүнүн мектеп окуучусунун ата-энеси менен жолугушкан тасмасы чыккан. Анда жабыркаган баланын ата-энеси уулунун абалы жакшы экенин айтышып, кырсык окуучунун шоктугунан жаралган дешкен.

Басма сөз катчынын айтымында, экспертиза ЖКККББнын кызматкери алкоголдук ичимдик колдонбогонун көрсөткөн.

Ош ОИИБнен бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын кабарлашты.


ТЕМА БОЮНЧА: