Жогорку Кеңештин спикери Казакстанда кармалган кыргыз депутатына жолугушууну суранды

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков Казакстандын парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулинден кармалган кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулуна жолугушуу уюштуруп берүүнү суранды. Мурдараак Кыргызстандын парламенти бул ишке кийлигишпестигин билдирген.

Парламенттин басма сөз кызматы 21-февралда Жумабеков казак Мажилисинин төрагасы Нигматулинге кармалган депутаттын ишин иликтөөгө «көмөк көрсөтүүнү» жана ал менен жолугушуу уюштуруп берүү өтүнүчү менен кат жөнөткөнүн кабарлады.

«Асылбек уулу Дамирбек социалдык-экономикалык маселелерди парламент трибунасынан байма-бай козгоп, жигердүү иш жүргүзгөн депутаттардын бири. Андан тышкары, ал күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстан желегинин алдында эл аралык таймаштарга катышып, спорт дүйнөсүнө кеңири таанылган ишмер», — делет басма сөз кызматтын маалыматында.

Парламент 19-февралда Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы боюнча ишке кийлигишпесин билдирген.

Казакстандын атайын кызматы 15-фералдан 16-февралга караган түнү аткезчиликке шектелген 29 адамды колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзгөн. Кармалгандардын арасында Кыргызстандын төрт жараны, анын ичинде 37 жаштагы «Кыргызстан» фракциясынын парламенттеги депутаты Дамирбек Асылбек уулу да болгон.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Дамирбек Асылбек уулун аткезчиликке шектөөдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар Кыргызстан аркылуу «көмүскө схемалардын» жардамы менен Кытайдан түз алып Казакстанга аткез товарларды киргизишкен.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Асылбек уулу спортчуларды күрөш боюнча таймаштарга даярдоого катышуу үчүн Алматыга кеткенин билдирген. Баатырбеков кесиптеши «кокустан» эле кармалып калганына үмүттөнөт.  Учурда Асылбек уулу эки айга тергөө изоляторуна камакка алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: