Атамбаевдин өкүлү Айыптын батиринин үчтөн бирин сатыкка чыгаруудан баш тартты

«Занозанын» тең түзүүчүсү жана журналист Нарын Айып.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков журналист Нарын Айыпка таандык болгон батирдин үчтөн бир бөлүгүн сатыкка чыгаруу боюнча арызын чакыртып алды. Бирок Айып мурдагы президентке баары бир 9 млн сом төлөп бериши керек.

Нарын Айып 22-февралда батирин сатыкка чыгаруу боюнча арыздан баш тартышканын «Клооптун» журналистине кабарлады.

«Менин батиримди тартып алышпайт, бирок Атамбаевге 9 млн сом төлөп берүү боюнча доо арыз дале күчүндө», — деди Айып.

Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Айыптын мүлкүн сатыкка чыгаруудан баш тартканын билдирди.

«Сот аткаруучулар “Нарын Айып мүлктүн үчтөн бир бөлүгүнө ээлик кылат экен, ошол бөлүк аркылуу дооңуздарды соттон канааттандырып алыңыздар” деп ишти бизге кайтарып берген. Биз ошонун негизинде сотко кайрылууга мажбур болгонбуз. Тилекке каршы буга чейинки соттордо Нарын Айып ал батирде апасы, карындашы менен чогуу жашай турганын жана андан башка мүлкү жок экенин далилдей алган эмес. Ал боюнча документтерди биздин өтүнүчүбүз менен бүгүнкү процессте гана алып келип берди. Ошону үчүн биз “батирди сатып, дообузду өндүрүү тууралуу” өзүбүздүн арызды кароосуз калтырууну соттон өтүндүк. Сот муну туура көрүп, биздин өтүнүчтү кабыл алды», — деди Сыдыков.

Атамбаевдин өкүлү 21-февралда Айыптын мүлкүн тартып алуу ниети жок экенин билдирген.

Тема боюнча: Атамбаевдин өкүлү: Биз Айыптын мүлкүн тартып алууну көздөгөн жокпуз

Мурдагы президенттин өкүлдөрү 15-январда Нарын Айып менен укук коргоочу Чолпон Жакупованын да мүлкүн сатыкка чыгарууну талап кылышкан. Алар Атамбаевдин «ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинтүү» үчүн кун төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Бишкектин Октябрь райондук соту 14-февралда Жакупованын коттежин сатыкка чыгарган. Жакупова да Атамбаевге 3 млн сом төлөп бериши керек.

Ал эми ушул эле иш боюнча «Занозанын» тең түзүүчүсү Дина Маслова Атамбаевге 3 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген менен анын сатыкка чыгара турган мүлкү жок.

Мурдараак Жакупова, Айып жана Маслова сотко Атамбаевге акчаны ай сайын маяналарынан 50 пайыз берип, бөлүп төлөп турууну сунушташкан. Бирок сот алар бардык сумманы бир эле убакта төлөп кутулуулары керек деп эсептеген.