Исаков өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш жарыялады

Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн жети мүчөсүнө мамлекеттик инвестициялар программасын «натыйжасыз» аткарып жатышканы үчүн сөгүш жарыялады. Исаков билдиргендей, эгерде кырдаал өзгөрбөй турган болсо, аткаминерлер кызматтарынан алынат.

Премьер-министр Сапар Исаков 22-февралда аткаминерлердин өкмөттүн тапшырмасына кылган мамилесине нааразы болду — Исаков аларга эки аптанын ичинде 2018-жылга карата мамлекеттик инвестициялар программасына сунуштарды киргизүүнү жана уюштуруу жыйынтыктарын чыгарууну тапшырган.

«Бизге мамлекеттик инвестициялар программасына донорлор акча беришет, а биз аны жакшыраак өздөштүрө албай жатабыз. Донорлор менен келишим түзүлгөндөн кийин ички мамлекеттик процедуралар жылдарга созулуп кетип жатат. Бул жоопкерчиликсиздик», — деп келтирди «24.kg» басылмасы Исаковдун айткандарын.

Ошол эле учурда Исаков өз жумушун каржы министри Адылбек Касымалиев гана аткарганын кошумчалады. Жоопкерчиликтен Маммүлк фондусунун башчысы кутулуп кетти, анткени ал «кызматка жаңы эле киришкен».

«Мен аны коргогон жокмун, ал жаңы эле келди. Ага убакыт берүү керек. Бирок орунбасарлыкка сунуштоо киргизүүнү сунуштайм. Чечим даярдоону суранам, дүйшөмбүдө мен ага кол коем. Эгерде силер кырдаалды июнь айына чейин өзгөртпөсөңөр, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ар бириңердин мындан аркы кызматта калаар же калбасыңар боюнча маселе коем. [...] Бардык маселелерди чечсе болот, болгону иштеш керек. Мүмкүн, форс-мажор чыгышы ыктымал, бирок бул жерде ал жок», — деп келтирди Исаковдун сөздөрүн «24.kg» басылмасы.

Катаал сөгүштөр Экономика министри Артем Новиковго, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге жана Айыл чарба министри Нурбек Мурашевге жарыяланды.

Мындан тышкары, сөгүш Мамлекеттик өнөр жай комитетинин директру Уланбек Рыскуловго, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевге жана Мамлекеттик архитектура агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге да жарыяланды.


ТЕМА БОЮНЧА: