Кадамжайда наристени «сабаган» өгөй атага кылмыш иши козголду

Баткен облусунун Кадамжай районунда төрт жаштагы өгөй кызын сабады деген шек менен 30 жаштагы тургун кармалды. Милиция «кыйноо» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айсалкын Эргешбай кызы «Клоопко» билдиргендей, Кадамжайдагы Орозбеков айыл аймагынын 30 жаштагы тургуну 6-февраль күнү төрт жаштагы өгөй кызын сабаган деп шектелүүдө.

Эргешбай кызы маалымдагандай, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, кыздын энеси наристесин 5-февралда өгөй атасына калтырып жумушка кеткендигин аныкташкан.

«Өгөй ата кызды сабаганын жашыруу үчүн ооруканага алып келип, анын денесиндеги жарааттарын ит тытып аймап алды деп түшүндүргөн. Инспекторлор бул фактыны териштирип, наристеге өгөй атасы күч колдонуп зомбулук көрсөткөндүгүн аныкташкан», — деди Эргешбай кызы.

Төрт жашар кыздын «сабалганы» тууралуу милицияга Кадамжай райондук бейтапканадан маалымдашкан.

Кадамжай РИИБи кармалган өгөй атага карата «Кыйноо» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Шектүүнүн баш коргоо чарасын чечүү маселеси каралууда.


ТЕМА БОЮНЧА: